Menu

Сапар Исаков жана Өкмөт мүчөлөрү «Саманчынын жолу» спектаклин көрүштү

Бөлүшүү:

Сапар Исаков баштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана административдик ведомство жетекчилери, 12-декабрда, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрындагы Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасы боюнча коюлган спектаклге барышты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Иш-чара белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган.

Белгилей кетсек, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусундагы мындай тажрыйба мындан ары улантылат. Алдыда Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрына, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына, ошондой эле балдар музыкалык окуу жайларына баруу пландаштырылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: