2017-жылдын 8-декабрь күнү саат 08:00 чамасында Жумгал РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Жумгал РИИБнин ыкчам- тергөө тобу барып, үйдүн ашкана бөлмөсүндө эркек адамдын жансыз денесин табышып, ал 34 жаштагы К.Н. аттуу ушул үйдүн ээси болуп чыккан. Бул туурасында Нарын ОИИБне шилтеме берип ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 7-декабрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында үй ээси М.А. аттуу жубайы менен уруша кетип, жыйынтыгында жубайы жолдошун сол жак тарабына бычак менен сайып жибергендиги маалым болгон.
факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Жумгал РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ