Menu

Жалал-Абадда диний кырдаал талкууланып, экстремизмдин алдын алуу маселелери каралды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынынын концепциясын ишке ашыруу максатында Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  аппаратынын жыйындар залында “Эктремизм жана терроризмди алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери” аталышындагы темада семинар өткөрдү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Ага Кыргыз Республикасынын ИИМнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери, Жалал-Абад областынын жана Жалал-Абад мэриясынын 71 жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облус казысынын орун басары Алибек ажы Батыралиев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидин ажы Жороев жана Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов катышты.

Семинар-жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү, алардын келип чыгуу себептери жана социалдык тармактардагы жихадка жана халифат курууга үндөгөн, азгырууга чакырык жасагандарга карата кантип алдын алуу керектиги тууралуу кеңири маалыматтар берилип, Кыргызстандын аймагында сот тарабынан тыюу салынган экстремистик жана террористик уюмдардын өзгөчөлүктөрү боюнча түшүнүк берилип, катышуучуларга мамлекеттин коопсуздугун сактоодо мамлекетибиздеги ар бир жарандын социалдык жоопкерчилигин жогору болуусу керек экендиги тууралуу чакырыктар айтылды. Катышуучулар тарабынан өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө кездешкен диний маселелер боюнча суроолор берилип, Кыргыз Республикасынын ИИМнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери жана тиешелүү жетекчилер жооп беришти. Семинардын аягында катышуучулар өздөрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын, калоо-тилектерин жана ыраазычылыктарын айтышты.

Эске салсак, аталган семинар Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан демилгеленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: