Menu

Душанбеде ИМ тобуна кошулууга аракет жасаган француз жараны соттолду

Бөлүшүү:

Тажикстанда сот тажик-ооган чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган Франция жаранын 5 жылга эркинен ажыратты.

Чет өлкөлүк жаран Ооганстанга барып, “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарына кошулууга ниеттенген. Ал быйыл июлда Хатлон облусундагы Жайхун районундагы чек арада ооган тарапка мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган учурда кармалган.

Маалыматтарга караганда, Франция жараны Тажикстанга Кыргызстан аркылуу туристтик виза менен келген. Анын мусулман тектүү француз экени аныкталды. Ал тергөө учурунда аны Кыргызстанда Мухаммед аттуу киши Ооганстанга барууга үгүттөгөнүн билдирген.

Алгачкы соттук отурумга Франциянын Душанбедеги элчилигинин өкүлдөрү катышты. Соттолуучу экстрадициядан баш тартып, жазасын Тажикстанда өтөөгө макул болду.

10-декабрда Франс-Пресс агенттиги ооган бийлигине шилтеме берүү менен Сириядан качкан француз, алжир жоочулары Ооганстандын түндүгүнө жер которушуп, машыктыруу лагерин уюштурушканын маалымдады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: