Menu

«АрселорМиттал Темиртау» кенчилердин айлыгын 10-30% жогорулатууну сунуштады

Бөлүшүү:

«АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын Караганда облусундагы бир нече шахтасында нааразылык билдирип, сыртка чыгуудан баш тарткан жумушчулардын саны 500гө чейин кыскарды.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөндөн кийин түнчүндө 150дөн ашык кенчи жер алдынан чыгууга макул болушкан. «Жумушчулардын көпчүлүгү дале өз талаптарынан кайтпай, шахтанын ичинде калууда. Түнчүндө ден соолугуна байланыштуу андай шарттарда жашай албай калгандар сыртка чыгышты. Шахтанын ичи салкын. Айрымдары жөн гана моралдык жактан чарчагандыктан үйлөрүнө барууну чечишти. Бирок бул — алар кенчилер тарабынан айтылып жаткан талаптардан баш тартты дегенди билдирбейт. Азыр кайрадан сүйлөшүүлөргө баратабыз”, – деди кенчилердин бири Сергей Гальстер.

Нааразылык акциясына катышып жаткан жумушчулардын бир бөлүгү сыртка чыккандыгын «Коргау» кесиптик бирикмесинин төрагасы Марат Миргаязов дагы ырастады.

– Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө компания негизги жумушчулардын айлыктарын 30 пайызга, жардамчылардыкын 20 пайызга жана сыртта иштегендердикин 10 пайызга көтөрүүнү сунуштады. Кесиптик бирикме жумушчуларды бөлбөстөн, бардыгынын айлыгын 30 пайызга жогорулатсын деп жатабыз. Ошондой эле быйыл 13-айлык төлөнүп берилсин дедик. Бирок компания буга макул болбой жатат, – деди ал.

«АрселорМиттал Темиртау» ишканасынын жумушчулары айлыктарды көтөрүү маселесин август айында дагы көтөрүп чыгышкан. Миргаязовдун пикиринде, эгер жумуш берүүчүлөр ошондо эле кенчилер менен сүйлөшүүлөргө барып, аларга пландарын өз убагында жеткиргенде, азыркы нааразылыктар болмок эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: