Menu

ЖК Орто-Токой боюнча долбоорду дароо үч окууда колдоп, добуш берүүгө жөнөттү

Бөлүшүү:

Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычы кыргыз-өзбек мамлекет аралык пайдаланууга өтсө анын бир жылдык техникалык тейлөөсүнө кете турган каражат 16-20 миллион сом деп белгиленет. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ал жердеги топтолгон суунун 92% Өзбекстан, калган 8% Кыргызстан пайдаланып жаткандыктан тейлөөнүн акчасы да ушундай негизде бөлүштүрүлөт.

– Өзбек тарап бул каражаттын 92% биздин министрликке караштуу тейлөө иштерин жүргүзүүчү департаменттин эсебине накталай акча түрүндө которуп турат, – деп билдирди министр.

Мурашевдин айтымында, учурда суу сактагычтан чыккан суу менен Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жери сугарылат.

Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, чек арадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Сыйымдуулугу – 165 млн куб/метр.

Буга чейин суу сактагыч Кыргызстандын Өзбекстандын пайдалануусундагы чарбалык объектиси катары калып, ага ээлик кылуунун шарттары дээрлик 25 жылдан бери чечилбей келген болчу.

Чогуу пайдалануу боюнча макулдашууга быйыл 6-октябрда Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстандагы мамлекеттик иш сапарынын учурунда кол коюлган. Ага ылайык, объектти кайтаруу, иштетүү жана башкаруу толугу менен Кыргызстанга өткөн. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алган.

Бүгүн министр Мурашев ошол макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоорун парламенттин кароосуна алып чыкты.

Натыйжада ал долбоор дароо үч окууда кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунушталып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бир убакта үч окууда жактырууга эгер ал долбоор ага чейин бардык фракциялардын оң баасына татыган учурда уруксат берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: