Ош мамлекеттик университетинде «Светтик мамлекетте жана демократиялык коомдо диндин ролу” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Аталган тегерек столго Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, теология илимдеринин доктору Зайнабидин Ажимаматов, “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айжана Токтошева, окуу жайдын окутуучулары жана студенттер катышышты. Иш чара дин жана демократия боюнча конструктивдүү пикир алышуу долбоорунун алкагында жүрүп, теология илимдеринин доктору Зайнабидин Ажимаматов «Светтик мамлекетте жана демократиялык коомдо диндин ролу” аталышындагы лекциясын окуду. Ал эми Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев мамлекетте жүрүп жаткан диний идеология жана Исламдын орду боюнча кеңири баяндама жасап, студент жаштарга Ислам-тынчтыктын, мээримдүүлүктүн дини экендиги боюнча аят-хадистерден айтып берди. Андан соң, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, катышуучулар тегерек стол өз жыйынтыгын берээрин айтышты.
Эскерте кетсек, аталган иш чара жаштарга туура идеологиялык багыттагы маалыматтарды берүү максатында уюштурулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ