Menu

Эмилбек Каптагаев: “Атамбаев кетеринде Өзбекстанга пансионаттарды берип койгону мамлекет үчүн, эл үчүн кыянаттык иш”

Бөлүшүү:

Ыссык-Көлдөгү пансионаттарды өткөрүп берүүгө азыр эч кандай укуктук негиз жок. Бул тууралуу коомдук жана саясий ишмер Эмильбек Каптагаев Covori.TV агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын маалыматына таянсак, бул боюнча 1991-жылы СССР тарап жатканда  чечилген. Анда кайсы республиканын аймагында эмне мүлк болсо ал ошол республиканын менчигине өтөт деген. Бул жерди ушул убакытка чейин Өзбекстан ижарага иштетип келсе, өкмөт кайра  ал жерди өзүбүзгө алган. Бул пансионаттар Кыргызстандыкы.

«Эгер бере турган болсо эл аралык тендер коюп бизден Өзбекстан  кайра сатып алышы керек. Бул жерде эч кандай логика, укуктук негиз жок. Азыркы өкмөттүн логикасына таянсак Баткендеги нефти чыккан жерди дагы кайра беришибиз керек, башка жердин баардыгын беришибиз керек»,- дейт Каптагаев.

Анын айтымында, 2008-жылы саясий чечим менен 4 пансионатты Казакстанга өткөрүлүп берилген.

«Ошондо кандай ызы-чуу чыкты эле. Азыркы кырдаал ошол кездеги кырдаал менен окшош болуп жатат.

Баардык мамлекеттер менен мамилени бузуп алып жок дегенде Өзбекстан менен жакшырды деп Атамбаев кетеринде пансионаттарды берип койгону мамлекет үчүн, эл үчүн кыянаттык иш. Бул боюнча бир дагы дүйнөлүк арбитраж карай албайт.  Анткени ал чоң мамлекет тарап  жатканда саясий чечим менен чечилген»,- деди Эмильбек Каптагаев.

Булак: govori.tv

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: