Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстан Республикасына расмий сапарынын алкагында бүгүн, 13-декабрда, «Куксарой» резиденциясында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен расмий жолугушуу аземи болду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Флагштоктордо Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.
Эки өлкөнүн президенттеринин расмий жолугушуу аземинен, Ардактуу кароол менен учурашып, делегацияларды тааныштыргандан кийин, ошондой эле Өзбекстанда аккредитацияланган чет элдик дипломатиялык миссия башчылары менен учурашуудан кийин, Мамлекет башчылары тар курамда сүйлөшүү үчүн сүйлөшүүлөр залына бет алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ