Menu

ИИМдин ЖКККББ: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын иш- чара өттү

Бөлүшүү:

2017-жылдын 12-декабрь күнү саат 06:45до Кыргыз Республикасынын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы таңкы саптан өтүштү. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

ЖКККББнын кызматкерлери үчүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдын талаптарын аткаруу, аймактардын ыкчам абалдарын көзөмөлгө алуу, кызмат учурунда жеке коопсуздукту камсыз кылуу, жол кыймылынын эрежелерин бузууну алдын алуу боюнча маалымат берилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар аныкталып, коомдук аялдамаларда токтоо эрежелерин жана автоунаанын терезелерин караңгылатуу эрежелерин бузгандарды, мас абалында автоунааны башкаргандарды аныктоо боюнча тапшырмалар берилди.

Бишкек шаарынын аймагында бул иш-чараны өткөрүү үчүн ЖКККББнын борбордук аппаратынын, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын кызматкерлери катышты.

огоруда аталган иш-чаранын негизинде бир катар жол кыймылынын эрежелерин бузган фактылар аныкталган.

– Мас абалында автоунааны башкаруу-34;
– Жол өтмөгүнөн өтүү эрежелерин бузган, жарышуу, карама-каршы тарапка өтүү, жол белгилеринин, токтоо эрежелеринин талаптарын аткарбоо-1499;
– Ылдамдык эрежелерин бузуу-239;
– Коопсуздук курун тагынбастан автоунааны башкаруу -568;
– Автоунааны башкаруу учурунда байланыш каражаттарын (уюлдук телефон) колдонуу-562;
– Транспорттук каражаттардын терезелерин караңгылатуу -25;
– Автоунаанын мамлекеттик номурун өзүм билемдик кылып алып салуу-24;
– Автоунааны жасалма мамлекеттик номур менен башкаруу – 37;
– Тиешелүү документтери жок автоунааны башкаруу-23;
Атайын токтотуучу аянтчага 155 автоунаа киргизилип, жалпысынан жол кыймылынын эрежелерин бузган 3011 факты катталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: