Menu

Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев басма сөзгө билдирүү жасашты

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасына расмий сапар жасап жатат. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев тар курамда жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрдөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы кызматташтыктын негизги спектрлери боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулаганын белгиледи. Ал көпчүлүк маселелер боюнча көз караштар дал келгенин баса белгиледи.

“Жакшы коңшулаштыкка жана салттуу достукка негизденген кыргыз-өзбек мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө зарылдыгы тууралуу пикирлердин бирдейлигин көрсөтүү биздин сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыгы болуп калды”, -деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Ошондой эле быйыл кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхында тагдыр чечерлик жана тарыхый окуялар болуп өткөндүгү белгиленди. “Биздин өлкөлөр ортосунда кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө Келишимге кол коюлду. Айрым өткөрмө пункттардагы чектөөлөрдүн алынып салышы көптөгөн адамдар үчүн чоң кубаныч болду. Чек ара боюндагы райондордун тургундары бул окуяны бактылуу көз жаштары менен кабыл алышты”, -деп баса белгилеп Президент Сооронбай Жээнбеков бул жетишкендиктер жакшы коңшулаштыкты жана бир туугандык мамилелерибиздин бекемдегендигин кошумчалады.
“Ал эми биздин өлкөлөр ортосундагы чек ара достуктун жана кызматташтыктын дарбазасы болуп калды. Бүгүн биз көптөгөн маанилүү маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик. Биз мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча активдүү ишти улантабыз”,- деди ал.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча биргелешип иштейбиз, деп сөзүн улады. Автоунаа менен жүк ташууларды жана жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз маршруттарын өнүктүрүү боюнча пландар бар. “Темир жол курулушу боюнча эки өлкөнүн жумушчу топтору ушул жылдын 25-декабрында жолугушат. Мына бүгүн эле биз биргелешкен ишканаларды түзүү жана өндүрүш линияларын жөнгө салуу боюнча макулдашуулардын турмушка аша баштаганын көрүп жатабыз”, -деди Президент Сооронбай Жээнбеков.
Анын айтымында бүгүн кабыл алынган Биргелешкен билдирүү стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү боюнча жалпы пландарды чагылдырат.
Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду Президенттик шайлоолордо жеңиши менен дагы бир ирет куттуктап, Кыргызстан эли туура тандоо жасагандыгын белгиледи. “ Сооронбай Шарипович элге жакын, жерге жакын. Дал ушундай адам элдин көйгөйүн түшүнүп, аны чечүүгө жөндөмдүү. Кыргызстан эли Сооронбай Шариповичке добуш берип жатканда Өзбекстан эли дагы аны тандап алышты. Биздин элдерибиздин өткөн тарыхы бир, келечеги дагы бир болот”, -деди Президент Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков алгачкы сапарларынын бирин Өзбекстанга жасагандыгы жакшы жышаан катар баалайт. “Биз үчүн Кыргызстан эң жакын жана ардактуу кошуна. Бүгүн эки өлкө үчүн тарыхый күн. Бул жылыбыз дагы тарыхый жыл болду. Быйыл биз эң жогорку деңгээлде үч ирет жолугуштук. Бир жылдын ичинде биз Алмазбек Шаршенович Атамбаев менен бирге топтолуп калган бир топ маселелерди чечүүгө жетиштик”, -деди Шавкат Мирзиёев.
Ал бүгүн тар курамда жана кеңири форматта жолугушууларда көп маселелер боюнча тараптардын көз караштары бирдей экендигин баса белгиледи. “Кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхында мындай жагдай эч качан болгон эмес. Быйыл өлкөлөрүбүздүн ортосунда товар жүгүртүү 250 миллион долларды түздү. Балким жылдын акырына чейин бул цифра 280 миллионго чейин жетиши ыктымал. Биз соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирели деп турабыз. Биз ортодогу бардык тоскоолдуктарды жоелу деген ойдобуз. Эки мамлекеттин чек арасынан күнүнө 10-15 миң адам өтөт. Мезгил келгенде эч кандай чек ара дагы болбойт”, -деп сөзүн жыйынтыктады Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: