Бишкек шаарынын Октябрь РИИБсине Уланбек Султанов атасы Алымбайдын кадыр-баркы үчүн начальник болуп келгенин сокур, дүлөй, мунжу да түшүнүп турат. Алымбай Султанов менен Алмазбек Атамбаев кан куда. Ошол тууганчылыктын колдоосу менен бакандай районго чала сабат, иштин көзүн терең билбеген бала кожоюндук кылып атканы, анысы аз келгенсип, ИИМ-дин кадр саясатына ыксыз кийлигишкени, маселен, Свердлов РИИБсине опер замды жана эки ГОМдун башчысын дайындаганы ачыкталууда. Октябрь районунда күн санап кылмыштуулук күчөп, шаардыктардын тынч жашоосу бүлгүнгө учурап атса, начальник Уланбек Султанов эч камырабайт эй, атасына таянып! Качанкыга чейин мындай мажор, мажирөө кадрларды кармап отурабыз? Эмне, Атамбаевдин кудасы болсо эле билген чалмасын чалып, өздүк курамды итке теңей береби? Иштебейби? Аз күндө намыстуу жигиттер кабинетинен кубалап чыгышы мүмкүн…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ