Menu

«Дөңгөч» Жеңиш Разаков министр болгондон айланабы?

Бөлүшүү:

Икрам Илмияновдун айдактамасына көнүп алган, «Дөңгөч» каймана атындагы Жеңиш Разаков ИИМ башына келүүгө катуу чуркап, бирок көздөгөнү ишке ашпай, орто жолдо шаабайы сууп, отуруп калды. Өмүр бою Баткенде милиция болуп иштеген, тажрыйбасы чала, профессионалдык деңгээли жок немени кантип министр кылышмак эле? Аз күн мурда «министр болуп атам» деп жакындарына жууп, кайра өтпөй калып ишпалдасы чыга уят болду. Буга чейин Разаков вице-премьер-министр катары Икрамдын колдоосу менен иштегени ырас, бирок, мамлекет үчүн жарытылуу эмгек жасай алган жок. Мындай кошоматчылар тек гана ордун билип жүрсө, министр болгондон айланабы? Эгерде ашыкча эле далбастай берсе, арты чукулуп, сенсациялуу кылмыш иштери козголуп, эртең эле түрмөгө отуруп калышы ажеп эмес. Эсиңерде болсо, түштүк регионунда чек ара маселеси боюнча канчалаган чыр-чатактар, ошого катар кооптуу кырдаалдар түзүлгөн. Ээлеген кызматына байланыштуу «Дөңгөч» бир да жолу эл үчүн кызмат кыла алган эмес. Анан ушундай адамга кантип кызмат беришмек эле?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: