Menu

Кыргызстандын күнү Кулматовго түшүп калса, келечектен үмүт үзүп коё бериш керекпи?

Бөлүшүү:

– Кубанычбек Кулматов кайрадан Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун бул кадамынын чын сыры эмнеде?

Адил Турдукулов, активист:
“Атамбаев көшөгөнүн артында баарын тейлеп, башкарып жаткандыгынын белгиси” 

– Фарид Ниязовдун президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалганы, Кулматовдун бажы  кызматынынын башчысы болуп кайра барганы, бул Атамбаев чынында көшөгөнүн артында баарын тейлеп, башкарып жаткандыгынын белгиси. Сооронбай Жээнбеков дагы деле көз карандысыз, чыныгы лидер боло албай жатат.

Касымбек Райымкул, адвокат:
“Кулматовдун кайрадан Бажы кызматына келиши мени иренжитти”

– Бажы же башка тармактар боюнча кесипкөй адамдар көп. Кубанычбек Кулматовдун кайрадан Бажы  кызматына келиши мени иренжитти. Кыргызстанда жаңылануу болбосу билинип калды. Бийлик өзүнчө, эл өзүнчө жашай берет экен да. Бийликтин натыйжасыз иштегенинен улам сот, ИИМ, бажы жана башка  мамлекеттик кызматтарда реформа жүрбөй, элдин нааразычылыктары көп. Кыргызстанда коррупция, эки жүздүүлүк, кошоматчылык бекемделди. Ошондон улам эл баарына кайдыгер.

Ырысбек Өмүрзаков, журналист:
“Коррупциялык схемаларды ишке ашырып, мыйзамсыз киреше алуу үчүн Кулматовду бажыканага алпарышты”

– Кулматов биринчи жолу бажыканага жетекчи болуп, аяктагы өнүккөн коррупцияны өркүндөткөндүгү үчүн жумушунан айдалса керек эле. Азыр, бу киши жаңы шайланган президентке моюн берчү неме эмес дешип жатат. Анткени, аны Атамбаев ошол ишке койдурганы тар чөйрөдө айтылууда. Сыягы, Атамбаевдин  “камчысын чабуу” үчүн аны Атамбаевдин эле сунушу менен аталган кызматка дайындаткандай. Анткени, Атамбаевдин мезгилиндеги коррупциялык схемаларды ишке ашырып, мыйзамсыз киреше алуу үчүн “Жол картасы” кабыл алынса да, Кулматовду бажыканага алпарышты. Эми жаңыланган коррупциялык  схемаларды пайдалана беришет каалагандай. Кандай болсо да Сооронбай Жээнбеков эл арасында  Атамбаевдин “ээрчитме торпогу” деген ат жайылып келе жатканда, ушундай чиновниктерди жооптуу мамлекеттик кызматтарга албай коё турса болмок…

Сонунбу Кадырова, ырчы, акын:
“Кулматов түшүнүксүз адам”

– Кубанычбек мырзаны негизи жакшы деле билбейм. Өзү натурасында ошондой түшүнүксүз адам. Азыр  кандай экени белгисиз кадрлар көп. Балким ошондой кадрлар кимдир бирөөлөргө керек окшойт. Ошон үчүн ушундай адамдардын зоболосу көтөрүлүп жаткандай сезилет.

Кадыр Кошалиев, журналист:
“Кулматов жүүнү бош, шаарда балмуздак жеп чоңойгон, элдин турмушунан алыс адам”

– Президенттер биринчи иш баштаганда бажыдан баштаганы кызык… баштыгын толтургусу келеби же  башка себеби барбы, ай ким билет. Кулматов башка маанилүү иштерде өзүн жакшы жагынан көрсөтө албаган жүүнү бош, шаарда балмуздак жеп чоңойгон, элдин турмушунан алыс адам катары элдик пикир  түзүлүп калган. Татыктуу адамдар көп, негедир 200-300дөй адам 30 жылдан бери саясий олимптен кетпей  койду. Жаңыланууну коомчулук зар какшап күтүүдө. Ошондуктан, мындай адамдардан арылып, билимдүү, таза, адискөй адамдарды алып келүү керек.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: