Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-майында болгон жер титирөөдөн турак жайлары жабыркап, аталган аймакта курулушу бүтпөгөн үй-бүлөлөрдү кыш мезгилинде убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу максатында мобилдик үйлөр жеткирилди. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үйлөр 2017-жылдын 12-декабры күнү КР ӨКМнин 3 даана оор жүк ташуучу унааларына 3 даана мобилдик турак үй (1 бөлмөлүү) жүктөлүп, Жекенди айыл аймагына жеткирилди.
Ал эми буга чейин, 2017-жылдын 30-ноябрынан 12-декабрына чейин жалпы 91 даана (24 даана 1 бөлмөлүү, 66 даана 2 бөлмөлүү, 1 даана 3 бөлмөлүү) жеткирилип берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ