Menu

Өлкөдө болуп жаткан жол-унаа кырсыктарына карата ИИМдин ардагерлери жалпы коомчулукка кайрылуу жасашты

Бөлүшүү:

Кайрылуу
Урматтуу Кыргызстандыктар, биз, Ички иштер министрлигинин жалпы ардагерлери учурдагы эң башкы көйгөйлөрдүн бири болуп жаткан жол кырсыктары боюнча атайын кайрылуу жасоону туура таптык.

Анткени, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жол-унаа кырсыктары менен байланышкан көйгөй жарандардын жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Үстүбүздөгү жылдын акыркы айларындагы эле жол кырсыктарына байланышкан кайгылуу окуялар ар бирибизди бул жаатта кайдыгер болбоого түрткү берди.
Цифра түрүндө айта турган болсок, 2017-жылдын он айында республиканын аймагында катталган жол кырсыктарынын саны 5197ни түзсө, андан жаракат алгандардын саны 7839 га жеткен. Ал эми жол-унаа кырсыктарынан каза болгон жарандардын саны 695ке жеткен.

Мындай олуттуу жоготууларга алып келип жаткан жол кырсыктарынын өсүшүнө кескин таасир берген бир катар факторлор бар. Алсак, өлкөдө автоунаалардын көбөйүүсү жагдайдын начарлашына кошумча шарт түзүүдө. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча өлкөнүн автоунаа паркы 2016-жылдын жыйынтыгына карата 1 миллион 146 миң 780 бирдикти түзгөн. Ал эми ошол эле маалда жол-көчө тармактарынын жана жол инфратүзүмүнүн өнүгүү деңгээли унаа паркынын өсүү темпинен артта калып келет. Жолдордогу тыгындар, алтернативдүү жолдордун аздыгы, талапка жооп бербеген сапаттык деңгээлдери көп учурда оор кесепеттүү жол-унаа кырсыктарына негиз болууда.

Арийне, жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жол кыймылынын эрежелерин айдоочулар билип туруп одоно түрдө бузгандыгынан жаралып жаткандыгы анык. Бул деген айдоочулар тарабынан унаа каражаттарынын ылдамдыгын чектелген нормадан ашыргандыктарынан, айдоочулук адепти унутуп бири-бирине жол бербөөсүнөн, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып айдоодон, аралыкты сактабагандыктан, жөө жүргүнчүлөрдү белгиленген жерлерден өткөрбөгөндүгүнөн, унааны спирттик ичимдик ичип алып мас абалында башкаруусунан жана тажрыйбасыз айдоочулардын санынын жогорулагандыгынан болуп жатканы баардыгыбызга айгине.

Өлкөбүздө болуп жаткан жол-унаа кырсыктарынын күнөөкөрүн издөөдө коомчулук абалдын түпкү маңызына маани бербестен эле Ички иштер министрлигин, тагыраагы Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлерине карата негизсиз сындарды жаадырып келишет. Аныгында Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин саны менен өлкөнүн автоунаа паркынын санын салыштыруу эч мүмкүн эмес. Бул деген учурдагы Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери реалдуу иш алып барууда эч нерсеге жетишпестигин айгинелейт. Тагыраагы, учурда республика боюнча автоунаа жолдорунун узундугу 66 миң 107 чакырымды түзсө жол кыймылына түздөн түз көзөмөлдү жүзөгө ашыра турган Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери 631 гана бирдикти түзөт. Бул көрсөткүч жогоруда белгиленген автоунаа жолдорунун болгону 20%ын камсыздай алат дегендик. Андыктан болуп жаткан кырсыктарга карата күнөөнү Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлерине оодаруу таптакыр туура келбейт.

Жол кырсыктарынан улам каза болуп жана жаракат алып жаткандарга башкы себептердин бирден бири элементардуу унаадагы коопсуздук курун тагынбоо, автоунаага өз учурунда техникалык кароо өткөрүп туруу, жолдордо көрсөтүлгөн жол белгилерине маани бербөө өңдүү майда бирок маанилүү милдеттенмелер негиз болуп жатканын баса белгилейбиз.

Бейпилдик өкүм сүргөн заманда кайсыл гана мамлекетте болбосун көптөгөн адам өмүрүн жоготуулар жол-унаа кырсыктарынан болоору айгине. Анын ичинде биздин өлкө да бар. Албетте, жалпы коомдо боло турган жана болуп жаткан кырсыктардан биз эч кайда качып же обочолонуп кете албайбыз. Ошентсе да өлкөбүздүн тургундарына жана меймандарына, эң башкысы айдоочуларга кайрылуубуздун акырында жол коопсуздугу боюнча атайын негизделген эрежелерге баш ийип, алардын алкагында болууга чакырык таштайт элек.

Булак: “Бетме-бет”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: