Menu

Талгарбековго абактан да түзүк мамиле кылынбай жатканы чынбы?

Бөлүшүү:

Кыргыздын арсыз соттору буга чейин экс-министр, белгилүү саясый ишмер Бекболот Талгарбековго катаал жаза бергенинен баарыңар эле кабардарсыңар да. Жазасын күчөтүлгөн жайдан өтөп жаткан Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевге карата соттордун алсыз чечиминен тышкары да абак жайдан тыңгылыктуу шарттар каралбай, катаал жагдайда мамиле кылынып жаткандыгы каңкууланууда. Кыргыз жыгылганды эч качан тепкен эмес. Анда эмнеге биздин каармандарыбызды катаал шарттар менен кыйнашууда? Ырас, соттордун колу менен «жыгышкан» соң, андан ары куру дегенде түзүгүрөөк мамиле кылып, боорукерлик менен жыгылганды жөлөп-таяп койсо болот беле? Дал ушул жагын Сооронбай Жээнбеков баштаган жаңырган бийлик төбөлдөрү эске алышса кантет? Кыргыздын белдүү жигиттерин караңгы жайга камап, кай муратка жетебиз? Ойлонуп көрбөйлүбү?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: