Menu

Visa: түркмөн банктары компанияга карыз эмес

Бөлүшүү:

Visa “Азаттыктын” түркмөн кызматына кат жүзүндө жооп берип, түркмөн банктары компанияга карыз деген маалыматтарды төгүндөдү. Буга чейин “Азаттык” өз булактарына таянуу менен бир нече миллион доллар бересеге байланыштуу Visa түркмөн банктарынын төлөм карталарын тейлөөнү токтотконун кабарлаган.

Кийинчерээк чектөөлөрдү Visa эмес, Түркмөнстандын Тышкы экономикалык банкынын транзакцияларды башкаруу борбору киргизгени маалым болгон.

VISAнын корпоративдик байланыштар боюнча менеджери Анна Сердюктун билдиришинче, түркмөн банктары компанияга карыз эмес. Талапка ылайык, төлөм экосистемасынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Visa кепилдендирген депозиттерди колдонот. Учурда Түркмөнстандын кепилдендирген бардык депозиттери камсыздалган.

Visa компаниясынан жооп алгандан кийин “Азаттыктын” түркмөн кызматы түркмөн бийлиги Visa эле эмес, MasterCard менен SWIFT сыяктуу компанияларга да миллиондогон доллар карыз деген булактарына кайрылды.

Министрликтеги аткаминерлердин бири түркмөн банктары Visa системасына 30 миллион доллар карыз экенин билдирүүдө. “Бир жарым ай мурун Тышкы экономикалык банк Visa компаниясынан карыздарды жабуу боюнча эскертүү алган. Анда бересенин көлөмү 30 миллион доллар болчу. Мындан тышкары Visa транзакцияларга киргизилген чектөөнү алып салууну, себеби бул келишимде көрсөтүлбөгөнүн жүйө келтирген. Visa келишим бузулушу мүмкүн деп опузалаган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин SWIFT системасы дагы карыздарды жабуу боюнча эскертүү берген”, -деди ал.

8-декабрда «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы түркмөнстандык VISA карталарынын иштебей калышына Түркмөнстандын каржы бийликтери жооптуу экенин ырастаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: