Мьянма өкмөтү шаршембиде Reuters агенттигинин эки журналисти Ва Лоун менен Киав Со Оо кармалганын билдирди. Журналисттер Ракин штатындагы рохинджа мусулмандарынын аскерлер тарабынан куугунтуктоого кабылганы боюнча материал даярдап жатышкан.
Мьянманын Маалымат министрлиги Фейсбуктагы баракчасына эки журналист менен эки полиция кызматкерине британ колониялык доорунан берки мамлекеттик сыр мыйзамы боюнча айып тагылганын жазды. 1923-жылы кабыл алынган мыйзамдагы максималдуу жаза – 14 жыл эркинен ажыратуу болуп эсептелет.
Билдирүүдө журналисттер маалыматты чет өлкөлүк ММКлар менен бөлүшүү ниетинде мыйзамсыз жол менен алган деп жазылган. Алар Мьянманын мурдагы борбору Янгондун четиндеги полиция бөлүмүндө кармалып турушат.
Ва Лоун менен Киав Со Oo шейшемби күнү кечинде полициячылар менен кечки тамакка чакырылгандан кийин дайынсыз жоголушкан. Мьянмадагы Reuters өкүлчүлүгүнүн айдоочусу аларды полиция бөлүмүнө кечки саат сегизде алып келген. Андан соң алар эки тартип сакчысы менен коңшу ресторанга бет алышкан. Журналисттер машинага кайтып келишкен эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ