Menu

Сальма Хайек продюсер Вайнштейнди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптады

Бөлүшүү:

Америкалык киноактриса Сальма Хайек Голливуддагы көптөгөн башка актрисалардай эле продюсер Харви Вайнштейндин сексуалдык ыдык көрсөтүүлөрүнө кабылганын билдирди. Бул тууралуу ал “Нью-Йорк таймс” гезитине жарыяланган макаласында жазган.

“Ал көптөгөн жылдар бою асылып жүрдү. Акыры анын опузаларынан улам макул болдум”, – деп жазган Хайек.

1990-жылдары актриса жетекчилеринин бири Вайнштейн болгон Miramax Films компаниясынын тасмаларына туруктуу түрдө тартылып келген. Макалада Хайек карьерасынын алгачкы жылдарындагы жардамы үчүн продюсерге ыраазычылыгын билдирип, бирок кийин ал «кыжырды келтирген» талаптарды кое баштаганын жазган. Анын айтымында, сүрөтчү Фрида Кало тууралуу тасманы тартуу маалында Вайнштейн ачык төшөк мамилелери көрсөтүлгөн көрүнүшкө тартылууну талап кылган. Хайек андагы ролун өтө маанилүү деп эсептегендиктен гана макул болгонун айтты.

“Фрида” тасмасы 56,3 миллион доллар киреше алып келип, «Оскар» сыйлыгынын алты номинациясын алган. Буга чейин Вайнштейнди ондогон аялдар сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпташкан. Учурда сексуалдык зомбулуктарга байланышкан иштери тергелип жаткан продюсер бардык айыптоолорду четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: