Menu

Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарында тараптардын жарашуусу жокко чыгат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маселе боюнча Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Искендер Матраимов баяндама жасады.

Мыйзам долбоору жол кырсыктарын азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоор аркылуу адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгында тараптардын жарашуусун, судьялар тарабынан кылмыш жазасын белгилөөдө коррупцияны кыскартууну жокко чыгаруу сунушталган. Кылмыш-жаза кодексинде каралган 281, 284 жана 284-беренелердеги ченемдер адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарында дагы күнөөлүү болуп жаткан жактарды кылмыш жазасынан кутулуп кетүүсүнө жол берүүдө. 281-берене боюнча жабыр тартуучу каза болсо же ден соолугуна олуттуу зыян келсе 5-7 жылга эркинен ажыратуу менен унаа айдоо укугун 3 жылдык мөөнөткө ажыратуу сунушталууда.

Мындан сырткары, мас абалындагы же болбосо транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга, мындай транспорт каражатын пайдалануу үчүн жооптуу адам тарабынан жол берилгенде, эгерде ал ушул Кодекстин 281-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн кесепеттерге алып келсе, –

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч эселенген айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: