Menu

Питердеги теракт боюнча шектелген Азимовдордун атасы дагы кармалды

Бөлүшүү:

Быйыл апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болгон терактты уюштурду деп айыпталган ага-ини Азимовдордун атасы Ахрал Азимов Москвада кармалды. Бул тууралуу анын кичүү уулу Билол Азимов билдирди.

Анын айтымында, атасын Москва шаарынын полициясы кармаган. Азырынча анын эмне себептен кармалгандыгы белгисиз.

Билол Азимовдун пикиринде, атасы ФСБ кызматтары тарабынан Аброр жана Акрам Азимовдор мыйзамсыз камакка алынганын, алар күнөөсүз экенин айтып жүргөнү үчүн камакка алынышы мүмкүн.

Орусиянын күч кызматтары азырынча Ахрор Азимовдун кармалышы боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Санкт-Петербургдун метросунда 3-апрелде болгон жардыруудан 15 киши мерт болуп, жарадарлардын саны элүүгө жеткен. Бир да террордук уюм бул калаба үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алган эмес. Тергөөнүн маалыматына ылайык, терактты Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурган. Ал эми аны уюштурууга катышы бар киши катары Акбар жана Аброр Азимовдор камакка алынган. Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алышкан бул ага-инилер өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагып жатышат.

Камакка алынган Аброр Азимов быйыл июлда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын «жашыруун абагында» кыйноого кабылганын билдирип чыккан. Бул боюнча анын адвокаты Ольга Динзе Орусиянын Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: