КРнын Германиядагы Элчиси Оторбаев Эринес Мотойович жубайы менен.
“Германияда экс-президент Аскар Акаевди жумуртка менен урдуруу операциясына кыргыз элчилигинин кызматкерлери, машинасы жана элчинин жубайы катышкан. Окуянын чоо жайын төмөнкү сүрөттөрдөн билсеңер болот.
Негизи жумуртка ыргытмай өнөр Европада нормалдуу эле нерсе, эгер ошону чындап нааразы адам ишке ашырса. Ал эми бул жерде Элчилик уюштурганы, катышканы тастыкталды.
Бул деген Эл аралык дипломатиялык эрежелерди одоно бузуу жана кыргыз мыйзамдарын тебелеген кылмыш болуп саналат”
Элчинин жубайы
Элчинин жубайы Акаевге каршы жазылган плакаттарды бүктөп алып көтөрүп жүрөт. Алдыңкы планда Элчиликтин кызматкери Айнура Турсумбаева.
Акаевге каршы жазылган плакат мурда Элчиликтин ичинде илинип турган Кыргыз коньягынын плакаты болгон.
Элчиликтин айдоочулары Акаевге каршы плакат көтөрүп турушат
Элчинин жубайы менен Элчиликтин кызматкери Айнура Турсумбаева бир маселени макулдашып жатышат
Элчиликтин айдоочулары аталган жолугушуунун уюштуруучусу Бакыт Көбөгөновго “Максатыбыз ишке ашты” деп мактанып жатышат
Элчиликтин кызматтык микроавтобусу пикет кылган провокаторлорду ташып келүүгө пайдаланылган.
Адилет Айтикеев, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ