Menu

Таласта зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

алас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Кызыл-Адыр айылындагы КМЮАнын  Талас регионалдык факультетинде уюштурулган семинарга катышып, анын алкагында зордук-зомбулуктун жана терс диний агымдардын алдын алуу боюнча бир топ маселелер талкууланды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш чара алкагында  облус казысы коомдогу терс көрүнүштөрдүн, айрыкча жаштардын туура эмес жолдорго барып жаткандыгы үй-бүлөнүн жана коомчулуктун тарбияга кайдыгер болуусунан улам болуп жаткандыгын айтып, ата-энелер жана жалпы жарандар тарбияга өзгөчө көңүл буруусу зарыл экендигин баса белгиледи. Ал эми облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жаш балдарды билим алууга үндөп, кылмыштуулуктун кесепеттери туурасындагы маалыматтарды айтуу керек экендигине токтолду.

«Ислам дини аруулуктун дини, социалдык тармактардан көрүп жаткан экстремизм жана терроризм кайсыл бир күчтөрдүн динге болгон каралоосу. Себеби биздин учурашуубуз өзү эле буга далил. Биз, «ассаламу алейкум-Жараткандын тынчтыгы, бейпилдиги болсун»,-деп учурашабыз. Куранда да Хадистерде да жамандык, кыянат, күнөө кылууга тыюу салынат»,-деди Медер ажы Сагынбаев.

Аталган иш чарага баш имам хатиб Казакбаев Майрамбек, КМЮАнын  Талас регионалдык факультетинин окутуучулары катышып, коомчулуктагы терс көрүнүштөрдүн алдын алууда агартуу иштерин талыкпастан жүргүзүү зарылдыгын айтышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: