Menu

КСДП фракциясы Акыйкатчынын отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты. Отставкага кетүү коркунучу бар

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматынын маалымтаына ылайык, КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында КР Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык атайын баяндасы угулмак. Бирок,т Акыйкатчы өзүнүн маселеси карала турган жыйынга келген жок. Буга чейин да бир нече жолу катышкан эмес, ошондон улам анын ар жылдык баяндамасын угуу маселеси жарым жылдан бери создугуп келет. Бул тууралуу фракция башчысы Иса Өмүркулов билдирди.

«Бүгүнкү жыйындын күн тартибине атайын бир гана маселе киргизилген. Акыйкатчы келген жок. Ал биздин жыйынды эмне үчүн тоотпой жатканы али белгисиз», – деп, ал депутаттардан сунуш күтөрүн кошумчалады.

Бир катар депутаттар Акыйкатчыга ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алуу тууралуу пикирин билдиришти. «Ал ушул жылдын 1-апрелине чейин отчет бериши керек болчу. Ооруп жүрөт дешет, маалымкаты бар бекен? Акыйкатчы 8 айлып ооруп жүрсө, анда кызматын өткөрүп бериши керек, – деди депутат Мурадыл Мадеминов.

Аны колдогон депутат Рыскелди Момбеков Акыйкатчынын отчету парламенттин кароосуна 21-апрелде келип түшкөнүн, андан бери 8 ай өткөнүн эске салды. «Эгер ал бизди сыйлабаса, анда биз дагы ага ошондой мамиле жасайлы. Деги Акыйкатчы деген барбы-жокпу? Ушул мезгил аралыгында канчалаган орчундуу окуялар болду, анын кайрылуусун укканым жок. Биз бүгүн саясий чечим кабыл алууга тийишпиз», – дейт депутат.

Жыйынтыгында КСДП фракциясы Акыйкатчынын ар жылдык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапты.

Белгилей кетсек, парламент тарабынан Акыйкатчынын ар жылдык отчетунун канааттандырарлык эмес деп табылышы анын кызматтан бошотулушуна себепкер болушу мүмкүн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: