Menu

Кара-Кулжада окуучуларга “Адеп-ахлак жана илим” темасында семинарлар өтүлүүдө

Бөлүшүү:

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылындагы Жапар Акматалиев атындагы мектептин 8-9-10-11-классынын окуучулары үчүн “Адеп-ахлак жана илим” темасында семинар болуп өтүп, иш-чарага Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев катышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул күнү Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев тарабынан  балдардын илим  алуусуна кызыктыруу жана адеп-ахлактык туура тарбия берүү жөнүндө лекция окулуп, тарбияга чакырган баяндамалар айтылды. Ошондой эле окуучуларды илим алууда китеп менен дос болуп, адеп-ахлактык кулк мүнөздү калыптандырууга чакырып, жаш кезде алынган билим – ташка оюлган оймо сыяктуу экендигин түшүндүрдү.

“Курандагы алгачкы аят “Оку” деп башталып, Ислам дининде билим алууга өзгөчө маани берилген. Учурда жаштар интернет аркылуу  туура эмес маалыматтар менен алектенбей, тескерисинче заманбап технологияны пайдалануу аркылуу илим-билимде ийгилик жаратуусу зарыл”-деди Н.Орунбаев.

Жолугушуунун аягында окуучуларды кызыктырган суроолорго шарияттын негизинде жооптор берилип, ата-энени жана мугалимди сыйлоо боюнча макулашууларды жүргүзүштү.

Эскерте кетсек, аталган семинарга жалпысы 70тен ашуун окуучулар катышышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: