Баткен облсунун окумуштуулары Кара-Булак айылына коюлган мумияны кайра казып чыгуу сунушун колдошууда. Бул туурасында Турмуш басылмасына Баткен территориялык музейинин жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыров билдирген.
Анын айтымында, эгерде мумияны алып чыгышса анда ал Баткен музейинде сакталуусу шарт. Аны менен чет элдик туристтерди жана окумуштууларды тартса болот дейт.
“Музейде мумия менен чогуу 4-5-кылымга таандык ага байланышкан ар кандай буюмдарды сактоого болот. Окумуштууларга мумияны изилдөөгө шарт түзүү бул өтө туура. Анткени бул кыргыздарга байланышкан тарых. Негизи, эреже боюнча тарыхый буюмдар кайсыл жерден табылса ошол жакта калышы керек. Ошондуктан бул мумия Баткенде калышы керек. Бизде аны сактоого бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр бар”, – деди А. Кадыров.
Аны менен катар Кара-Булак айылынын тургундары окумуштуулардын бул ойлоруна каршы чыгышууда. Алардын айтымында 1957-жылы, орус окумуштуусу бул мумияны казып чыкканда, күмбөздөн кара чымындар жана курттар чыккан. Анын айынан 10 жыл бою айылдагы бактар ооруган. Биз мумияны кайра казууга жол бербейбиз. Эмне болсо дагы ал ордуна калуусу керек дешүүдө тургундар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ