Menu

Ысык-Көл облусунун жолдорундагы жарыктандыруу каражаттарынын абалы текшерилди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жолдорду көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери 2017-жылдын 1-декабрь күнүнөн 2-декабрга чейин «Балыкчы-Ананьево-Каракол» жана «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» (Ысык-Көл айланмасы) жолдорундагы жарыктандыруу каражаттарынын абалын текшеришти. Бул туурасында ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы билдирет.

Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөндөгү кемчиликтер аныкталган:
«Балыкчы-Ананьево-Каракол» жолунун 5 чакырымынан 218 чакырымына чейинки аралыгында төмөнкү аймактар жарыктандыргычтар менен камсыздалган эмес.
– Бактуу-Дөлөнөтү айылынын 82 чакырымына чейинки аралыгы;
– Комсомол айылынын 92 чакырымына чейинки аралыгы;
– Корумду айылынын 101 чакырымынан 102 чакырымына чейинки аралыгы;
– Кожояр айылынын 118 чакырымынан 119,5 чакырымына чейинки аралыгы;
– Чоң-Өрүктү, Орто-Өрүктү, Ой-Тал айылдарынын 142,5 чакырымынан 165 чакырымына чейинки аралыгы;
– Кудургу, Фрунзе, Ак-Булуң, Күрмөнтү, Балбай айылынын 166 чакырымынан 191 чакырымына чейинки аралыгы.

Жалпысынан бул аймактарда 559 жарыктандыргычтар орнотулган. Анын ичинен 199 жарыктандыргычтын иштөө абалы жакшы 369 болсо бузулган абалда тураары жана оңдоого муктаж экендиги аныкталды.
«Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» (Ысык-Көл айланмасы) жолдорунун абалын текшерүү учурунда төмөнкү аймактар 1 чакырымынан баштап 220 чакырымына чейинки аралыгы жарыктандыргычтар менен камсыздалган эмес:

– Оттук айылы 19 чакырымынан 20 чакырымына чейинки аралыгы;
– Кара-Шаар айылынын 25 чакырымынан 26 чакырымына чейинки аралыгы;
– Кара-Талаа айылынын 30 чакырымынан 31 чакырымына чейинки аралыгы;
– Бар-Булак айылынын 48 чакырымынан 50 чакырымына чейинки аралыгы;
– Кичи-Жаргылчак айылынын 154 чакырымынын бардыгы;
– Кызылсуу айылынын 186 чакырымынан 187 чакырымына чейинки аралыгы;
– Оргочор айылынын 19,5 чакырымынан 19,5 чакырымына чейинки аралыгы;
– Кытай, Балтабай, Конкино айылдарынын 202 чакырымынан 214-чакырымына чейинки аралыгы.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын жолдорду көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан башка кемчиликтер дагы аныкталып, бул кемчиликтерди оңдоо үчүн айыл өкмөтүнүн башчыларына сунуштама берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: