Menu

Өзбекстанда журналист Абдуллаев буюртма макала жазып турганын моюнуна алды

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук кызматы адвокат Сергей Майоровго сентябрда камалган журналист Бобомурод Абдуллаев менен жолугушууга уруксат берди.

14-декабрда адвокат Майоров Бобомурод Абдуллаев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Бобомурод Абдуллаев «Усман Хакназаров» ысымы менен материалдарды жазып, оппозициячыл саясатчы Мухаммад Салихтин сайтына жөнөтүп турганын моюнуна алган.

Макалалардын арасында “Ислам Каримовдун режимин аскердик кийлигишүү жолу менен жок кылса болот” деген саптар болгон. Абдуллаев адвокатка көп материалдарда булак катары атайын кызматтын өкүлдөрү менен достук мамилелери бар ишкерлер –Равшанбек Салаев менен Шавкатжон Оллоеровди пайдаланып турганын айткан. Ошол эле маалда акыркы макалаларында Шавкат Мирзиёевдин реформаларын колдогонун белгилеген.

Бобомурод Абдуллаев адвокатка физикалык жана психологиялык кыйноолор колдонулбаганын, камера кургак, жылуу, тамак-ашы жакшы экенин ырастады.

27-сентябрда Ташкентте көз карандысыз журналист Бобомурод Абдуллаев “мурдагы жана учурдагы президенттерден бийликти тартып алууга” аракет жасаган деген негизде камакка алынган.

Тергөөнүн алдын ала тыянагына караганда, 44 жаштагы журналист “Усман Хакназаров” деген ысым менен интернетке макалаларды жарыялап, шайланган жетекчилерден бийликти тартып алууну пландаштырган.

Абдуллаевге коюлган айып далилденсе, Өзбекстандын мыйзамына ылайык, 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: