Menu

“Генерал Улан Исраилов дагы беш жылдан кем эмес иштеши шарт”

Бөлүшүү:

ИИМ жетекчиси Улан Исраилов тармактын “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганына бир жылдан ашуун убакыт болду. Бул аралыкта каарманы бызга карата ар түркүн пикирлер айтылууда. Биз бул сапар Кыргызстандагы эң негизги тармакты башкарып турган каарманыбыздын ишин эл көзүндөгү аттуу-баштуулардын пикири менен сыдыргыга салып көрүүнү эп көрдүк. Баса, өткөн саныбызда биздин каарманга карата коомчулукка аты чыккан генералдар жогору баасын беришкен эле. Биз ошол өнөктүктү бул сапар да улантканга аракет кылдык. Эмесе, генерал мырзага карата эл көзүндөгү аттуу-баштуулардын пикирин төмөндө бирге тыңдайлы окурман.

Таштемир Айтбаев, генерал-лейтенант:

–Мениноюмча,министр Улан Исраилов колунан келишинче тармактын ишин татыктуу тартып кеткенге бар аракетин кылып жатат. Алгылыктуу аракеттер, ага удаа жылыштар бар. Албетте, иш болгон соң кемчиликтер да кетпей койбойт. Анан калса ички иштер тармагында башка тармактарга салыштырмалуу кызматкерлер, ар кандай бөлүмдөрү көп. Жооптуу жана түйшүктүү тармак. Андыктан, мындай тармактын башчысы эң кеминде министр катары беш жылдан кем эмес иштеши керек. Ошондо гана ишинен оңдуу жыйынтык, натыйжага ээ болот. Билишимче, Улан Исраиловдун министр болгонуна эми араң бир жылдан ашуун убакыт болду окшойт. Андыктан, бул жигитке дагы да убакыт, иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Угушума караганда,Улан мырзанынадамкерчилиги бийик, жөнөкөй, бой көтөрбөгөн, кичи пейил, салмактуу, ойчул жигит экенин айтышууда. Андай сапаттары өзүнүн жүзүнөн эле байкалып турбайбы? Андыктан, мындай жөнөкөй жүрүшү бар жетекчиге иштей турган убагында иштегенге мүмкүнчүлүк берели. Министр катары дагы да арбын иштесин.

Садырбек Дубанаев, генерал-майор:

–Улан Исраилов Омскдеги милициянын жогорку мектепти бүткөн. Бул абдан жакшы аты бар мектеп да. Жогорку кесипке ээ болгону Улан иним милициядагы ишин катардагы оперликтен баштап, такшалган. Турмуш экен, кийинчерээк башка ишке өтүп, андан соң мамлекеттик күзөт кызматында эмгектенип жүргөнүнөн кабарым бар. Ал алдына келген кандай гана кызматта иштебесин өзүнүн жөнөкөйлүгүн, көп сүйлөбөгөн, айрымдарчылап өзүн ашыкчамаалымат каражаттары аркылуу пиарлабай, тынч отуруп, өзүнүн ишин кылып жүрдү. Сөздүн кыскасы, таза эмгектенгенгана кылган жигит. Бой көтөрбөйт. Учурда Улан иним министр катары ички иштер тармагындагы реформаны жүргүзүп,социалдык жактан имараттарды курдуруу, бала бакча, мектеп, райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүн жаңылоо маселелерин чечип жатат. Министр болоору менен “суточный поекту”“армейский поекко” жеткирди. Биздин системага болушунча көңүл буруп, иштеп жатат. Мен өзү ички иштер министрлигиндеги “генералдар клубунун” башчысымын. Бул клубдагы генералдар дагы министр Исраиловго жакшы пикирин айтып калышат. Мен дагы Улан иниме карата оюм жакшы. Мындай жигиттер иштеши гана керек.

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор:

–Түптүү кыргызда “дарак бир жерден көгөрөт” деген кеп бар. Силер сөз кылып жаткан ички иштер министри, генерал Улан Исраилов оор күндөрдө Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөндүгү анык. Оппозициядагы ошондой оор күндөрдөкожоюнун качып-сатып кетпей, туруктуулуктун, жигитчиликтин жогорку үлгүсүн көрсөткөндүгү айтылып жүрөт. Эми Улан иниме азыркы күндө жоопкерчилик жагы маанилүү, азыркы жооптуу ишинде катуу сыноолор али алдыда. Жеке өзүм бул жигит менен бир-эки ирет да жолугушуп, сүйлөшкөн эмесмин. Бирок,аны ушундай чоң жоопкерчиликтүү жумушка койгонуна караганда, ИИМди жетекчи катары тартып кете алаарына көздөрү жеткен соң койдурушту да, туурабы? Анын үстүнө ал бир жылдан ашык мөөнөттөн бери өлкөбүздөгү эң негизги тармакты башкарып отурат. Бул аралыкта анын жаман жагын укпадым.Эң башкысы таза жана элдин кызматында күжүлдөп иштеп жатканын унутпай, профессионал кадрлардын кадырына жетсе болду, келечегин түптөйт. Бул жигит эл үчүн дагы да бел чечпей иштей берсин демекчимин!

Карамат Орозова, ЖК депутаты:

–ИИМдинжетекчиси Улан Исраиловду мен көпжылдардан бери билем. Ал кыргыздынжаш, курчжигиттеринен. Себеби,Курманбек Бакиевдин эңоор, мыкаачыбийлигининтушундакоркуп-үркпөстөнандагы оппозициянын лидери АлмазбекШаршеновичАтамбаевжана оппозициядагылармененчогуужүргөн. Ал мезгилдебийликке каршылардычекесинен өлтүрөт эле. Мисалы, Руслан Шаботоев, Баяман Эркинбаев, Алиевдер, Жусупжан Жээнбековдун баласы ж.б. Оппозициядагы андай оор учурларда биз менен чогуу жүрмөк түгүл, айрым бийликтегилер учурашкандан качышчу. Улан Исраиловдун мекенчилдигин ушундан билгиле, ал бир эле Алмазбек Атамбаев үчүн эле эмес, эл душманы, мекенди саткан, элге каршы чыккан бийликке каршы жалтанбастан, коркпой-үркпөй чогуу күрөшкө чыккандыгында. Бул жигит чыныгы генерал. Башта айтканымдай, оор кырдаалдарда көпчүлүгү бийликтен коркуп, качып кетишкен. Мындай мекенчил, коркпогон, курч, өткүр жигиттер мекенди сырткы душмандан, элибизди кылмышкерлерден коргойт. Мен буга ишенем.

Сагынбек Абдрахманов, экс-губернатор:

–Улан Исраилов мен үчүн чоочун жигит эмес. Мен аны Алмазбек Атамбаевдин жанына келгенге чейин эле тээ жаштайынан тарта билчүмүн. Улан табиятынан өтө жөнөкөй, адамдын көңүлүн оорутпаган, орой сүйлөбөгөн, жүзүнөн жылмаюу кетпеген, маңдайы жарык жигит. Кандай кызматка келбесин оомат-дөөлөтүнө чиренип, керсейип калчулардан эмес. Бул кошомат эмес, мен болгонун-болгондой айтып жатам. “Чыныгы жигиттин гүлү” деп койсок жарашат. Генерал иним чоочун жигит болбогон соң, азыркыдай көрө албагандар, сынтаккандар көбөйгөн учурда тилегеним эле ишин жакшы алып кетсе. Командасын татыктуу, иш билги кадрлар менен топтосо, ишти алып кетсе деген тилек. Өлкөбүздүн жаңы президенти жана өкмөт башчысы экөө менен тил табышып, жакшы иштешип кетсе деген асыл ниетим бар. Негизи табиятынан ак пейилдүү, маңдайы жарык, жөнөкөй сапатка ээ мындай инсан мамлекетке эч качан чыккынчылык кылбайт. Улан ишти тартып кетээрине толугу менен ишенсек болот.

Советбек Арбаев, МЖАК экс-төрагасы, полковник:

–Биз, аскер адамдары адамга кыскача мүнөздөмө бергенде мындай деп айтабыз, “я бы с ним пошёл в разведку”. Бул чакан жана кыскача мүнөздөмө өз ичине баарын камтыйт. Генерал-майор Улан Исраиловду мен баш калаабыздын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгын жетектеп турган убактан бери кызмат иштери боюнча жакшы билем, жакындан тааныйм дегендей. Анткени, мен ошол жылдары ИИМдин коллегиясынын мүчөсү болчумун. Улан Исраиловдун мага жаккан мүнөздөрүнүн бири — ал ар бир адамга жасаган сылык мамилеси. Ушундай татаал жана жооптуу кызматта жүрүп, улуу-кичүү дебей, эч кимдин көңүлүн оорутпаганы менен таң калтырчу. Кээ бир катардагы эле милиция кызматкерлерине кайрылсаң оройлукка салып, корсулдап, одоно сүйлөп коюшат го? Андайларга экинчи кайрылгың да келбейт. Генерал бул жагынан көптөргө үлгү болчу жигит. Мен бул жигиттин ушундай жакшы жактарын гана билем. Улан азыр министр болсо дагы ушул сапаттарынан жазбай келет. Бул жагынан ички иштер кызматкерлерине үлгү боло алат. Дагы бир жагы кызматтагы актыгы. Аны “бирөөдөн бирдеме алды” деп эч бир адамдан уккан жокмун ушуга чейин. Кээде ойлочумун, “биздин мамлекеттеги жетекчи кызматта иштегендердин баары ушундай сапатка ээ болушса” деп. Буюрса ошого жакындап калдык окшойт.

Осунбек Жамансариев, коомдук ишмер:

–Улан Исраиловдун талапкерлиги ички иштер министрлигине коюуда, албетте,жөндөн-жөн эле көрсөтүлгөн жок да.Анын жооптуу тармакка талапкерлиги 2010-жылдан кийинки учур,ж.б. жеке сапаттары эске алынганы талашсыз. Эн негизгиси, министр Улан Исраилов тууралуу коомчулукта терс иштер боюнча маалымат жок.Ал жетекчи катары учурда өзүн көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк алды. Эми алдыда генералдын иш жүзүндөда өзүн көрсөтө алат деген ишенич бар. Ошондой эле Улан Исраилов экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кезегинде оппозицияда жүргөн мезгилде дагы өзүн баардык жакшы сапаттары менен белгилеп, оор учурларда андагы оппозицияга аралашып, чындык үчүн күрөшкөнү айтылып жүрөт. Бул жигит эң негизгиси таза кадр экендиги коомчулукта айтылууда.

Зарылбек РЫСАЛИЕВ, экс-министр, генерал-майор:

— Эми Улан иним азырынча, албетте, жаш министр. Жетекчи катары да анын келечеги алдыда. Ички иштер министрлигиндеги өздүк курамдын жетекчилик кызматтарында дагы азыр Улан Исраилов сындуу жаштардан куралган кадрлар иштешүүдө. Анан калса жигердүү жаштардан куралган мындай команда менен реформа жүргүзсө да болот. Мен министр Улан Исраиловдун басар жолу бар, келечеги алдыда деп билем. Мындай алыска чуркачу кадрлар иштеши гана керек. Анын түмөн түйшүктүү жооптуу ишине ийгиликтерди гана каалайм.

Абдылда СУРАНЧИЕВ, экс-министр, генерал-майор:

— Мен ички иштер министри Улан Исраилов жөнүндө пикир айтуудан мурда артка чегинүү менен бир мисалды айткым келип турат. Анда мен ички иштер министримин. Күндөрдүн биринде президенттик аппараттан мага Улан Исраилов боюнча сунуштама келди. Анан Исраиловдун баскан изине кызыгып көрсөм, Омскидеги милициянын жогорку мектебин аяктаган, биздин кызматта иштеп, кийин жеке жансакчылыкты аркалоого кетиптир. Кезегинде баш калаадагы Свердлов РИИБде иштептир. Президенттик аппарат сунуштаган соң, алгач бул жигиттин ким экенин жакындан билүү үчүн өзүмө чакырдым, сүйлөштүк. Түзүк жигит экени дароо эле билинди. Бакыт Жусубалиев ал мезгилде менин 1-орун басарым болчу. Биз Улан Исраилов менен баарлашкан соң, аны Бишкектеги Свердлов РИИБнин башчылыгына дайындадык. Милициянын райондук бөлүмүн Исраилов татыктуу башкарды. Сөздүн кыскасы, жакшы иштеди. Андан соң мен ИИМ жетекчилигинен кетип жатканда, кийинки министр Мелис Турганбаев кошоматтана Улан Исраиловду ИИМдин 7-башкы башкармалыгына алды. Ал жакта да жакшы иштеди көрүнөт, андан соң УКМКнын жооптуу кызматын аркалап кетти. Ал жерден төраганын 1-орун басары катары иштеп жүрүп, биздин тармактын жетекчилигине келди. Андан бери бар аракетин кылып, министр катары жакшы иштөөдө. Булардын баарын айтып жаткан себебим, Улан Исраиловдун милициядагы ишинин, өзгөчө жетекчилик жолунун ачылышына кезегинде мен жакындан жардам берип, көмөгүмдү көрсөткөм. Муну Улан инимдин өзүнөн сурасаңар деле айтып берет. Эгер убагында президенттик аппараттын Исраилов боюнча сунуштамасына моюн толгоп, тыржыйып койсом, жетекчиликке бара албай калмак. Мамлекеттик күзөт кызматындагы көнгөн ишин улантып, милицияга келе албай жүрмөк. Андыктан, азыркы министр Уландын жолунун ачылышына министр катары себепчи болгом. Колдон келип, оомат ооп турганда ушинтип жигит иштеш керек. Мен анын мындан аркы иштерине ийгиликтерди гана каалайм

“Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: