Кубанычбек Кулматов 7 жылдан бери Атамбаевдин эрке талтаңы гана эмес, Кудайдын сүймөнчүгүнө айланып калгансыды. Бул мырзадан майлуу жерлер качып кутулбады. Өзү кайсыл жерде иштесе иштермандыгын, көрөгөчтүгүн, реформатор экенин көрсөтө алган жок. Бишкек шаарына мэр болуп келгенден кийин тазалыкты эптей албай, болгону таштанды салчу контейнерлерди олчойгон суммага сатып алганы менен атактуу болуп, “гений” аталган. Ошол Кулматов кайрадан коррупцияга белчесинен баткан Бажы кызматына төрагалыкка барып олтурганы көп суроолорду жаратты. Мурун кызматтан кетип жатып “Кыргызстандан чыгып кетем. Ишкерлик менен алектенем” деп таарынгандай күңгүрөнгөн. Чечкиндүү кадам жасай албаган Кулматов бажыда коррупция менен күрөшкөнгө духу жетеби? Же өлкөдө бажы кызматын иретке келтире турган Кулматовдон өткөн азамат жокпу?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ