Президент Сооронбай Жээнбеков менен Ташкенге кошо барып келген КСДПчы депутат Анвар Артыков Жээнбеков Өзбекстан президенти Мирзиёевге “Данакер” орденин тапшыргандан кийин пайда болгон шакаба тууралу Вести сайтына айтып берди.
– Учурунда Алмаз Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге “Данакер” орденин берүүгө указ чыгарып, бирок аны өз убагында тапшырууга үлгүрбөй калган. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков бул сапарында Мирзиёевге ал орденин тапшырды. Натыйжада шакаба сөз чыкты: бу кандайча кыска убакыттын ичинде Кыргызстандын эки бакандай президенти Өзбекстандын бир президентинин ишин мынчалык жогору баалады деп.
Эсиңиздерге сала кетсек, Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болгонуна бир эле жыл болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ