Menu

Аксы РИИБнин кызматкерлери окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө

Бөлүшүү:

Аксы районунунда Аксы РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспексиясы тарабынан азыркы учурда эң көйгөйлүү маселе болуп жаткан мектеп окуучулар арасындагы терс көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча тегерек стол өткөрүлүп, ага мектеп окуучулары, мугалимдер жана социалдык жактан коргоо адистери, ата-энелер катышышты. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш-чаранын максаты ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени жакшыртуу, мугалимдер менен ата-энелер балдарын терс көрүнүштөрдөн алдын алуу боюнча байма-бай жыйындарды өткөрүү болуп саналат.

Аксы РИИБнин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспексиясы окуучуларга өз өмүрүнө кол салууга барбоону жана ата-энелерге окуучулардын жеке үй-бүлөлүк жашоосун катуу көзөмөлгө алуу, балдарына карата жоопкерчиликтүү болуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Андан сырткары, окуу учурунда топ, топ болуп бөлүнүп чыр-чатакташкан учурларын көзөмөлгө алып, өз убагында ата-энелерге, тиешелүү кызматкерлерге кабар берип туруусу зарыл экендиги кызуу талкууланды. Ошондой эле маектин жыйынтыгында мектеп окуучулардын сабактан кийин кайда жүргөндүгүн, эмне менен алек болорун ата-эне көзөмөлгө алып мектеп мугалимдерине кабар берип турушун жана сабак учурунда мугалимдер сабакка катышуусун көзөмөлгө алып, ата-эне менен мугалимдер бири-бири менен тыгыз иштөө боюнча протоколдук чечим чыгарышып, ошол протоколдук чечимдин негизинде иш алып барууну кабыл алышты.

Бул өткөрүлгөн иш-чара Жалал-Абад ОИИБнин иш-мерчемдеринин негизинде баардык райондук, шаардык жалпы билим берүү жайларында өткөрүлүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: