Ушул жылдын 27-ноябрь күнү болжол менен саат 09:30 чамасында Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө баш меесинен оор жаракат адам улуттук госпиталга түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Бул туурасында Бишкек ШИИББдин Басма сөз кызматы билдирет.
Жабырлануучу алган жаракатынан ээсине келбей жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Маркумдун өздүгү такталып, ал Бишкек шаарынын 1973-жылы туулган А.Т. аттуу жашоочусу болуп чыккан.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча Ленин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу иликтөө иштерин башташкан. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө маркум менен шектүү спирт ичимдигин ичип отурушуп, шериктешинин уюлдук телефонун ээлеп алуу максатында У.С. аттуу жаран баш тарапка маркумду уруп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Аталган кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ