Menu

Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди жана Казакстан элин өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди жана Казакстан элин өлкөнүн Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарялады.

“Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана бардык казакстандыктарды  Казакстан Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен  чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Союздаштыктын жана стратегиялык  өнөктөштүк маанайындагы кыргыз-казак мамилелери  өлкөлөрүбүздүн элдеринин кызыкчылыгында мындан ары дагы  чыңдалып жана өнүгө берет деген ишенимимди билдирем.

Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердигиңизге ийгиликтерди, ал эми бир тууган Казакстан элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”,- деп белгиленет  Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: