Баткен облустук мусулмандар казыятынын катчылык, кадрлар жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Авлиёев Фуркат Баткен мамлекеттик университетинин студенттери жана мугалимдери менен жолугушту. Бул туурасында КМДБнын басм асоз кызматы билдирет.
Студенттер менен болгон жолугушууга БатМУнун табия таануу жана педагогика факультетинин деканы Артыкбаев Гламмидин Үрүстөмович жана университеттин мугалимдери катышты. .
Иш чаранын жүрүшүндө студенттерге “Жан дүйнө азыгы” темасында жана адептүүлүк сапаттары, ата-энени сыйлоо, студенттер менен окутуучулардын ортосундагы мамиле жана адемгерчилик туурасында кызыктуу жана тарбиялык маанини терең камтыган лекция окуду. Ал эми университеттин мугалимдери менен студенттери иш чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн, өздөрүнө керектүү маалыматтарды алгандыгын жана мындай жолугушууларды уюштуруп туруу зарылдыгы бар экендигин айтышты.
Эскерте кетсек, ЖОЖдун студенттери менен болгон жолугушуу быйылкы “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата өтүлүп, жаштар арасындагы адеп-ахлакты жана диний сабаттуулукту жогорулатуу максатында уюштурулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ