Menu

Адахан Мадумаров: “Алмаз Атамбаев кыргыз элинин “Баатыры” эмес, Сооронбай Жээнбековдун “Баатыры””

Бөлүшүү:

— Кызматын тапшырып берген президент Атамбаев кыргыз-казак маселеси жаралганда “ЕАЭБден керек болсо чыгабыз” деген сөзүн да айтып жибербеди беле. Бул оюндун шартына чыдай албаган баланын сөзү болдубу? Анын ойлонулбай айткан сөзү куштун эки канатындай, төөнүн эки өркөчүндөй, бир атанын эгиз баласындай болгон казак-кыргыздын мамилесин бузуп коймок турсун, ЕАЭБге жарака кетирбедиби. Ушундай оор учурда президент Атамбаев эс алууга кетип калганына кандай карайсыз?

— Казак менен кыргыз сөз баккан, сөзгө аябай маани берген эл. Ошон үчүн эки элдин фольклору да күчтүү өнүккөн. Бир сөз менен мамлекетти жок кылып жиберсең, бир сөз менен бүтүндөй бир калкты өзүңө душман кылып алсаң болот. Душман кыла турган сөздөрдүн баары айтылды. Жаман ооздон жакшы сөз чыгабы? Натыйжада эл аябай катуу жабыркады. 800 миң айыл чарба продукциясы кайрадан кайтарылды деген кыргыз дыйкандары бир жылда өстүргөндөрдүн баары кайтты деген сөз. 800 миң тонна деп айтканга жеңил болгону менен анын артында канча үй-бүлө, канча балдардын ырыскысы, канча балдардын окууга төлөйм деген келишим акчалары, канча кыздардын күйөөгө чыгам деген септери, канчалаган азаматтардын алган карыздары турат? Ошонун баарын жайлап коюп, президент өргүүгө кетти. Кантип эс алып жатат? Ошондон кийин кантип дем алат? Чек арада тургандарга тамак-ашы үчүн 1 млн сом бөлүп койду деп КТР эрдик кылып койгонсуп кайра-кайра сайрайт. Сооронбай биринчи жарлыгы менен Эл баатырын берди. Эмнелиги менен баатыр болду?

“Манасты” алып шедиреңдегендер өзүнүн аялынан башкага кадыр-баркы да жок”

— Наам алгандар боюнча дагы көп сөз жаралды. Сиз Мамлекеттик катчы болуп иштеп калбадыңызбы. Сыйлык тапшыруунун талаптары кандай бекитилген?

— Наам берүүнүн деле өзүнүн катуу тартиби бар. Азыр эми “Кемчонтойлордун” заманында аны окубайт окшойт. Себеп, кээ бирөөлөрүнө мамлекеттик сыйлык бергенден кийин 3 айдан соң үстүнө экинчи сыйлыкты берип жатпайбы. Ортосунда 5 жыл сөзсүз болушу керек. Азыр “Эл артисти” болуп аткандардын баары Рыспайдын ырлары менен чыгып аткандар, ал эми “Ырдын пири Рыспай” деген залкар “Эл артисти” деген наамга ээ болбой кетти.

— Болот Шамшиевдин 75 жылдыгында орден берип койгонго жарабаган президент, өзүнүн шоопуруна “Манас” орденин берди. Кыргыз киносунун могиканы Шамшиев ким да, Илмиянов ким? Бирок, азыр тараза ташы ушундай бааланып жатпайбы?

— СССРдин эл артисти, жападан жалгыз арабызда тирүү жүргөн замандашыбыз, СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси 75 жашка чыкты. Ошол адамга кыргыз бийлиги жок дегенде 3 даана гвоздика гүлүн берип койгон жок го. “Манас” ордени же башка сыйлык деп айтпай эле коёюн. Маданият министри да басып барып койгон жок. Казактан келген боордош эмне деп айтканын, кулагыма мөөр баскандай басылып калган сөздү айтып берейин. “Казактын кең талаасы, керемет жери бар. Жеринин кеңдиги боюнча дүйнөдө тогузунчу орунда турабыз. Бүтүндөй аалам тааныган президенти бар. Нурсултан Назарбаев деген. Казактын ушунча газы бар, дүйнөдө үчүнчү орунда турабыз. Аттиң бир арман, ушунча байлыгыбыз бар. Бирок, бир Бокебиз жок (Болот Шамшиевди айтып жатат). Боке, сиз Казакстанга келиңиз. Тоюңузду Казакстанда тойлойлук. Бүтүндөй байлыгыбызды таразанын бир четине коюп, бир четинде Боке турса, Бокең басып кетет” деди. Мына, казактын берген баасы. Бул деген кыргызды жипсиз муунтуп, бычаксыз мууздап, жерге казык кылып кагып койду деген сөз. Анын алдында Мыскалдан кийинки залкар Самара Токтакунова 70 жашка чыкты. Филармонияда чоң салтанат болду. Аны мыскылдагандай кылып, ардак грамотасын берип жатат. Ал киши СССРдин эл артисти.

— Такыр болбоду дегенде БШКнын төрайымы Шайлдабековага берген “Курманжан Датка” орденин Самара Токтакунова эжеге берсе болмок…

— Баракелде. Болот Шамшиев, Самара Токтакунова экөөсү тең Кыргыз эл баатырынан ашса ашат, андан кем сыйлыкка татыктуу эмес. Атамбаевдин буйругу менен “Баатыр” болушпай эле коюшсун. Бирок, булар кыргыз элинин алдында, кыргыз тарыхындагы “Баатырлар”. Эртең “Манасты” алгандар кетет, булар кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк кала турган инсандар. “Манасты” алып шедиреңдегендер өзүнүн аялынан башкага кадыр-баркы да жок. Ошентип “Манас” таккандан көрө такпай койгон жакшы. Өзүнүн кол алдында жүргөн шоопуруна берген “Манас” орденин Россиянын президентине да бергени, Путин менен шоопурунун даражасы бирдей деген сөз. Алар “Манасты” алгандан кийин “Манасты” тагынуунун өзү уят болуп калды, түшүнгөн кишиге. Биздин керемет драматург жазуучубуз Мурза Гапаров “Урматтуу Аскар Акаевич, 21-кылымдын кадрлары ушулар боло турган болсо, мен 21-кылымга кирбей, 20-кылымда калдым” деп жазбады беле. Ошол сыяктуу эгерде “Манас” ордени ушундай кишилерге татыктуу болгон болсо, мындан ары “Манас” орденин алуу уят. БШКнын төрайымына шайлоону керемет өткөрүп бердиң деп орден берүүнүн өзү укмуштуудай арсыз, абийирсиз көрүнүш. Рахмат, биз каалаган санды чыгарып бердиң деген сөз. Бул мамлекеттик сыйлык эмес, жеке кишинин сыйлыгы болуп калды.

— Өзүңүз Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген жогорку наамды эмне кылганы үчүн берди?-деген суроону айттыңыз. Ушул суроонун жообун дагы өзүңүз айтпайсызбы?

— Кыргыз элинин алдында кадыр-баркы 3 пайыз экенине карабай туруп президент кылып койгондугу үчүн “Баатыр” болду. Бул менин сөзүм эмес, Атамбаевдин өзүнүн сөзү. “Соке, күрөшкө түшкөндө кадыр-баркың 3 пайыз эле. 25 күндө 54 пайызга чыгарып койдум” деди. Бул чоң баатырдык. Ошон үчүн берди. Милдеттүү болду. Бул дагы кыргыз элинин “Баатыры” эмес, Жээнбековдун “Баатыры” болуп калды. Эл “Баатыр” катарында кабыл алабы, албайбы башка маселе.

— Атамбаев президенттиктен кетип жатып аскерге барбаган жакын адамдарына дагы генералдык чинди берип жиберди. Орден менен кошо генералдыктын дагы баркы кетти. Өзүнүн кайнисине, жансакчыларына генерал чинин берди. Ушуларды көрүп туруп, генерал болом деген офицерлердин дагы максатын талкалап кеттиби дейм да?

— Сегизбаевди атайын кызматка дайындаганда 30 жылдап өтүк кийип жүргөн офицерлердин бетине чапкан шапалак болду деп өзүмдүн пикиримди айтканмын. Туура айтасыз, ушуну менен аскер кызматкерлеринин кадыры кетет. Путин полковник учурунда отставкага кеткен. Дүйнөнү дүңгүрөтүп турган 3 аскердик державанын бирөөсүнүн башкы кол башчысы. Путин деле өзүнө генералдыкты алып алса болот беле? Каддафи дагы полковник боюнча кетти. Гитлер дагы ефрейтор боюнча калган. Булар аскер эмне экенин түшүнгөн адамдар. Менин кызматымды дагы аскер кызматына которсо генерал-полковник. Мен дагы аскердик форма кийимин тиктирип алып, кийип алсам кете берет. Бирок, мен үчүн эң жогорку даража гвардиянын старшинасы Мадумаров бойдон калуу баалуу деп ойлойм. Германияда 1984-жылы берилген. Бул ар бир солдаттын ошол деңгээлге жетүү тилеги. Эми 30 күн өтүк кийбей генерал болуп алгандан өздөрү деле уялышы керек. Такыр жарашпайт. Дүңгүрөтүп аткан аскерди башкарган Шойгу МЧСти башкарып жүргөндө эле армиянын генералы эле. Коргоо министри болгондо деле армиянын генералы бойдон калды. Ал соңку 3 жылдын ичинде Россиянын аскердик техникаларын кандай деңгээлге жеткирип, Сирияда коюлган маселени жеңгендиги үчүн деле Россиянын маршалы кылып койсо болот болчу. Радионов жалгыз бир гана Россиянын маршалы. Радионовдун көзү өткөнүнө канча болду. Ошондон бери маршал эч ким боло элек. Мына, наамга болгон мамиле.

— Эртең 30 жылдап өтүк кийип, автомат атып октун жытын жыттабагандар генералдык үчүн элдин эсебинен олчойгон пенсия алышат. Өмүр бою жөнөкөй иште иштеген жаран ак эмгеги үчүн 5–6 миң сом пенсия алат. Маселе эртең дагы жаралып жатпайбы?

— Ошол оокаттардын баары арам. Сегизбаевдин атайын кызматка билими да такыр жолобойт. Өзү агроном. Бул боло берет дегендик. Боло бербейт, бул өзгөчө кызмат. Менин колума жаңы чыккан скальпелди берип, эң жеңил операция сокур ичегини жаса деп кыйнаса да барбайм. Себеп, мен аны билбейм. Адам өзү билбей турган жерине барыш, биринчиден өзүн сыйлабагандык. Мамлекеттик кызматтын деңгээли да болуп көрбөгөндөй түштү. Мисал, Суворов күзөттө турат. Екатерина маңдайына келет да алтын тыйынды алып туруп “Сен жакшы кызмат кылып жатасың. Мен сени байкап жүрөм. Сага ыраазымын. Ушуну менин колумдан ыраазычылык катары ал” дейт. Суворов колуна мылтыгын кармап, түптүз турган бойдон “Жок, ала албайм” деп айтат. Дүйнөнү башкарып жатам деген ханайым таң калат. “Неге ала албайсың?” десе, “Мен кызматтамын!” дейт. Екатеринанын артында ээрчип жүргөндөрү бар да. Ошолор “Эмне деген наадандык. Ханайым колун сунса албай койду” дегенде, ханайымдын бийиктигин караңыз, бираз ийилип туруп, бутунун астына таштап коюп “Нөөмөтүң бүткөндө алып ал” деп басып кетет. Сунган нерсени кайра алган, тфу деп түкүргөн түкүрүктү кайра жуткан менен бирдей дейт. Көрдүңүзбү, колун сунду, кайра алган жок. Акырын тырмагынын учу менен жерге таштап койду.

“Жээнбеков өз алдынча бир кадам да жасай албайт”

— Жаңы президент келгенден кийин жаңы дем менен жашашыбыз керек эле. Атамбаев “Эскилердин баарын алып кетем” дегени менен кайра эле эскилердин баары жаңы кадр болуп келип жатат. Фарид Ниязов кайрадан президенттин аппарат башчысы болду, Кулматов бажы кызматынын төрагасы болуп барды.

— Өзүнүн пикирин айтпай, кандай жетекчи келсе кол куушуруп “ляппай” деп чуркап жүргөндөр керектүү. Аскар Акаевди ошондой деңгээлге жеткирип койгондордун бири Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев. Баары эле кызматтарда олтурат. Ошол кезде болгонун болгондой ачуу айтып жаткан азаматтар бүгүн да сыртта болуп, ачуу чындыкты айтып жатат. Бакиевдин кезинде дагы ушуга окшогондор керектүү кадр болушту. “Ким Бакиев үчүн тост көтөргөндө албаса, ал менин жеке душманым” деп кыйкырган кээ бир жетекчилер дагы азыр Атамбаевдин эң ишенген инсандары. Бүгүн Жээнбековдун ишенген инсандарына айланышып жатат. “Менин президентим, менин улук мырзам” деген азаматтар деле жүрөт. Бакиевдин кадр саясатын каалагандай калчагандар азыр оппозиция имиш деген партиядан депутат болуп олтурат. Акаев менен Бакиевди жер каратып, ушунчалык жаманатты кылгандардын баардыгы Атамбаевдин тегерегинде. Акырындык менен Жээнбековдун тегерегине өтүшүп жатат. Алар кан соргон кене сыяктуу денеге жармашат. Сөзсүз бирөөнүн аркасына жармашышы керек. Кимдин аркасы экени айырмасы жок. Аларга баари бир. Тынымсыз кан соруп турушу зарыл.

— Жаңы президент Фарид Ниязовду алгач Атамбаев эс алууда жүргөндө кеңешчи кылып бекиткен. Атамбаев эс алуудан келгенден кийин президенттик аппараттын башчысы болуп дайындалды. Атамбаев “Мен кетпейм” деген сөзүн иш жүзүндө көрсөтүп, кадр маселесин өзү эле чечип жатат дегендик эмеспи?

— Шайлоонун алдында, шайлоо мезгилинде, шайлоодон кийин дагы айткам, Жээнбеков өз алдынча бир кадам да жасай албайт. 26 жылдык эгемен тарыхында эки ооз сөз айтканга кудурети жетпеген киши эми кудуреттүү болуп кетеби? КТР менен ЭлТР Минск шаарына барып келгенде “Башка президенттер суктануу менен карап олтурду. Костюмунун жарашканын карагыла” дейт. Бул эмне деген абийир? Тиги киши менен салыштырганда ага костюм жакшы жарашкандай болот. Бул мамлекеттик теледе айта турган сөз эмес. Азыр анын костюмуна суктана турган мезгилби? Бажы Кыргызстандагы коррупцияга баткан тармак. Казак, орус, кытай маалыматтарын карасаңар, ал жактан миллиарддаган долларлар түшүп жатат. Ал кайда кетиш керек? Демек, ишенимдүү түрдө бир кишинин колуна тапшырылышы кажет. Аны Соке чечпейт. Кыргызстанда ким үйдүн кожоюну экенин ушул кадрдык коюулар түшүндүрүп койду. Коопсуздук кызматында кайним олтурат, олтура берет дегендей болду. Экинчи кайним аппаратыңды башкарып берет деди. Аппарат даярдамайынча президент эки ооз сөз айта албайт. Шайлоодо Соке куурчак катары эле керек деп айттым беле? Ушул сөздөрүмдү эстейсиңерби? Өзү дагы ошого ыраазы. Андан артыгына талап коё албайт. Муну эртең менен жакшынакай кылып кийинтип, чачын тарап, Ак үйгө жумушка жиберип коёт. Келип олтуруп, эмне болсо ошону окуп, ошого кол коюп берип, кечинде кетет. Ошол жерге аксакал деп олтургузуп койгонго ыраазы. Себеп, адамдын ичиндеги энергия кайнап чыкмайынча, ал киши эркин боло албайт.

— Сиз айткандай болсо, дагы 6 жыл бою мамлекеттин тагдырын Атамбаев Арашанда жатып алып, гитара ойноп, чечип олтура берет дегендик эмеспи?

— Сөзсүз түрдө ошондой болот. Ошон үчүн бул кыргыз көчү эмес, Атамбаевдин көчүн улантат деп айтканмын. Кылымдардан бери канатташ болгон казак менен кыргызды чабыштырып койгон эмне болгон көч? “Аби, аби” деп аябай катуу жармашып жүргөн Түркия менен мамилесин бузуп, алар менен болгон мамилебиз сууп кетти. Өзбекстандын мурунку президентинин дарегине эмне деген сөздөр айтылды. Казакстандын жетекчилигине кандай сөздөр багышталды. Россиянын дарегине эмне деген сөздөр айтылды. Ушул көчтү улантабы?

— Россия өзү алып келген кадр. Президенттик шайлоо учурунда ошол жакка чуркап барбады беле. Алып келгенден кийин чыдаш керек…

— Туура айттыңыз, ошондой болуп жатат. Минск шаарында Нурсултан Абишович терең маанидеги сөз айтты. Бир маселе менен кайрылайын дегенде “Бул жерде талкуулай турган маселе эмес. Астанага келесиң…” деп койду. Биздикилер болсо “Ура! Ура! Ура! Астанага чакырды” деп энеси эгиз төрөгөндөй сүйүнүштү. Астанага неге ошондон бери барбай жүрөт? Себеп, тигил киши келгенден кийин “Мен жаман, сен жакшы болгуң келип жатабы?! Олтур ордуңда, барбайсың!” десе керек.

— Казактар чек араны жапканда бажыдагы коррупцияны ачыкка чыгарасыңар деген талапты койгон. Президент Астанага иш сапары менен бара турган болуп жатат. Биздикилер бажыны коррупциялык сазга батырган делген Кулматовду төрага кылып кайрадан алып келди. Бажы кызматында коррупционер аталган Кулматовдон башка кадр жоктой. Мурунку талап кайрадан коюлушу мүмкүнбү?

— Бул талапты Астана тараптан билишибиз керек. Бирок, алар койгон мыйзамдуу эле талап. Сөзүм куру болбошу үчүн фактылар менен сүйлөйүн. Бул Бүткүл дүйнөлүк банктын чыгарган маалыматы. 2016-жылдын эсеби боюнча Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы айырмачылык 4,2 млрд доллар. Казакстан Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы айырма 4,6 млрд доллар. Россия Федерациясы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы айырмачылык 1 млрд доллар. Биздеги товар алмашууну Россия менен Кытайдын ортосундагы товар алмашуу менен салыштырып болбойт, ал океан. Ошонун айырмачылыгы 1 млрд доллар гана болуп жатат. Биздеги айырмачылык 4,2 млрд доллар. Ушундан жыйынтык чыгарып алгыла.

Уландысы бар

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: