Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын жаңы үйлөнгөн тургуну Расул Манапбай уулу менен Мээрим Абасова тойго кеткен ашыкча чыгымдын ордуна муктаж болгон кичинекей 30 бөбөккө жылуу куртка алып берди.
Расул менен Мээрим ашыкча чыгым сарптабай, муну менен башка жаштарга үлгү көрсөтүү жана кайрымдуулук кылуу максатында жасап жатышат.
Жаштар нике кыйдырып, Талас облусунун администрациясынын алдына келип муктаж болгон үй бүлөлөрдүн 30 баласына ыроолонгон кийимдерди кийгизип чыгышкан.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ