Menu

Фото – Бишкек-Ош жолундагы автокырсыктан 7 адам мерт кетти

Бөлүшүү:

Кечээ, 16-декабрдын кечинде Токтогул районунун Торкен айылына жакын жерде жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жети адам каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 16-декабрь күнү саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош автожолунун 299-чакырымында болгон. Анда “Хундай Гетз” жана “Хонда Степвагон” автоунаалары кагышып кетишкен.

Натыйжада “Хундай Гетз” автоунаасында бараткан үч, “Хонда Степвагон” унаасынан эки киши көз жумган. Алардан сырткары беш адам Токтогул райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, “Хонда Степвагон” автомашинасы Бишкек шаарынан Аксы районуна, ал эми “Хундай Гетз” автомашинасы ошол эле райондун Үч-Терек айылынан Токтогул шаарчасын көздөй бара жаткан.

Каза болгон адамдар  1963-жылы туулган С.Б.,  Ж.Э. (аял), 1980-жылы туулган,  Т. уулу Н., 1980-жылы туулган,  Н. уулу К., 2016-жылы туулган жана 2014-жылы туулган Н. кызы Т. болгон.

Кошумча келген маалыматка ылайык алгач жарадар болгон дагы 2 адам көз жумган.

Натыйжада азыр 3 адам ооруканада, 7 адам моргдо жатат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: