Menu

Кубанычбек Жумалиев, «Бир Бол» фракциясынан ЖК депутаты: “Акаевди сөзсүз чакырып, шаң-салтанат менен тосуп алышыбыз керек”

Бөлүшүү:

-9-декабрь күнү Берлин шаарында КР тунгуч президенти Аскар Акаев жубайы Майрам жана кызы Бермет болуп, ошо жердеги кыргыз жарандары менен жолугушууга келип, жагымсыз окуяга туш болушкан. Жумуртка чабуулуна өткөн жигиттин жорук- жосуну, Бермет Акаева атасын коргоо иш-аракети соцтүйүндөрдө аябай чоң талкуу жаратты. Биз бул окуяга өз баасын берүү үчүн айрым адамдарга кайрылып, «учурда Аскар Акаев мекенине кайтып келүүсү зарылбы?» деген соболду узаттык.

– Биринчиден, атайылап уюштурулган акция деп боолголоп атам. Экинчиден, Аскар Акаевдин кеткенине 12-13 жыл болду. Андан бери үч президент алмашты. Кеткенден кийин мамлекеттин ички жумуштарына кийлигишкен жок. Өз алдынча илим жаатында, анын ичинде экономика жаатында, бүткүл дүйнөлүк макроэкономика боюнча иш алып барып, ийгиликтерди жаратууда. Эгер дүйнөдө эң күчтүү төрт экономист болсо, анын бири Аскар Акаевич. Рос­сия мамлекети бу кишинин илимий иштерин жогору баалоо менен өлкө экономикасына анын программаларын колдонуп атат. Эң күчтүү ири державалар өздөрүнө чакырып лекция окуп берүүсүн суранып, билим-илимин алып калууну кездегендер жок эмес. Аскар Акаев менин илимий жетекчим. Ошо кездеги физика-оптика тармагындагы дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу катары или­мий эмгекгерине таянуу менен кандидаттыгымды жактагам. Саясатта да мени болушунча такшалтып, ал айдыңда жолумду ачты. Өзгөчө илимпоз катары, насаатчым ката­ры өмүрүмдүн акырына чейин сыйлайм. Ал эми кыргыз элинин тунгуч президенти катары мекенине келүүсүнө каршы эмесмин, тескерисинче кубаттайм. Аскар Ака­евич өз убагында Исхак Раззаковдун сөөгүн Бишкекке алып келүү демилгесин көтөрүп чыгып, аны иш жүзүнө ашырган адам. Кыргыз элинин каада-салтында эгер айылдан бычакка сап мыкты адам чыга турган болсо, анда ал адамдын сөөгү сөзсүз түрдө өз айылына коюлат. Кий­ин да ошол айылдан мыкты адам чыксын деген ниетте. Ошондуктан Аскар Акаевди биз, кыргыз эли сөзсүз чакы­рып, шаң-салтанат менен тосуп алышыбыз керек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: