Menu

Абдывахап Нурбаев, депутат: “Орто-Токой суу сактагычы толугу менен биздин башкаруубузга өттү”

Бөлүшүү:

– Абдывахап мырза, бүгүн сиздер Орто-Токой (Касансай) суусактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимди үч окуудан ратификациялап бердиңиздер. Бул келишим бизге эмне берет?

– Келишимге ылайык, суу сактагыч толугу менен биздин башкаруубузга өтүп жатат. Ал жерден Өзбекстандын жумушчулары кетет дагы, өзүбүздүн жумушчулар иштей башташат. Анан пайдаланууга кеткен чыгымдардын 90 пайызын кошуна өлкө төлөп бере турган болуп атат.

– Менчик жагынан башы ачылдыбы? Суу сактагыч эми кимге таандык?

– Биздин башкарууга өткөн соң, Кыргызстандыкы болот да. Тейлегенде да өзүбүздүн жумушчулар тейлешет.

– Сиз бул пайдалуу келишим болду деп эсептейсизби?

– Албетте, суу сактагыч биздин карамагыбызга өтүп, суудан пайдаланганы үчүн чыгымды Өзбекстан төлөп берет. Мурда алар башкарчу да.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: