Menu

Кара түстөгү “Lexsus LX -470” жол тандабастын айдоочусу машинасын жол инспекторунун үстүнө салып жиберди

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-декабрдын чак түшүндө Бишкектин “Түштүк дарбазасы” тараптагы Абсамат Масалиев атындагы көчөдө жол кыймылын көзөмөлдөп турган Бишкек шаардык милициянын жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча инспектору терезелеринин баарын караңгылатып алып кетип бараткан 734 ABJ номурлуу, кара түстөгү “Lexsus LX -470” жол тандабас машинасын токтотууга аракет жасаган. Бирок, жол тандабастын айдоочусу жол инспекторуна баш ийбей, качыра келип инспекторду сүзүп, токтобостон кетип калган. Бул тууралу Бишкек шаардык милициядан маалымат таратышты.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=6&v=Bhu7wnzxjKU

Жаракат алган инспектор травматологиялык ооруканага жаткырылып, керектүү дарылануудан жана экспертизалардан өтүүдө.

Ал эми милиция жол тандабастын номуру боюнча машинаны жана 1998-жылы туулган И.А. – айдоочуну таап, камакка алды. КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөгө берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: