Menu

Алмас Турдуматов, иликтөөчү: Манас атанын канча зайыбы болгон? Алар менен канча жашында баш кошкон? 

Бөлүшүү:

– Манас алгач үйлөнгөндө 22 жашта болот. Аялы он жети жаштагы Карабөрк болгон. Ал калмактардын башчыларынын бири Кайып даңдын кызы. Айрым варианттарда уйгур делет. Манас менен урушуп колго түшүп, элдешип, кызын Манаска берет да андан наркы окуяларда кыргыздар тарабында болот. Карабөрк жаа аткан мерген болот. Бакайды жарадар кылат.

– Экинчи жолу Манас отуз жашка жакындаганда үйлөнөт. Ималай (Гималай), Индустан (Индия), Оогандын аймактарына ээлик кылган маймун ханы Кесектин уулу Шооруктун кызы Акылайга үйлөнөт. Шоорук Манас менен согушуп, жеңилгенде кызын тартууга берет. Ошондо кайын атасы Шоорук өзү 58 жашта болот. Калча (тоолук) тажик деп да аталат. Ноокат, Алай, Жусуп Мамайдын вариантында Накылай делет. Манас менен коштошуп 40 күн өтө электе Акылай Көбөшкө тийип алат. 

– Каныкей, Манастын атасы кудалап алып берген зайыбы, Темиркандын (Каракандын) кызы. Тажик каны Атемирдин кызы деп да айтылат. Өз аты – Санирабига. Апасы Акмама (айрым варианттарда – Алтынай). Баш кошкон учурда экөөнүн жашынын айрымасы 20 жылча болот. Каныкей сөзү “кан нике” сөздөрүнөн куралганы айтылып жүрөт. 

“Узун чачтын ыктуусу, ургаачынын мыктуусу, кең көйнөктүн тазасы, ургаачынын пашаасы” делип мүнөздөлөт. Жоокер мүнөз, Чубак менен жекеме-жеке кармашып, намыс алат. Калк энеси Каныкей аталат. Семетейдин энеси. Сейтек эр жетилиши менен аалам кезип көздөн кайым болду делет.
– Сайкал, акыреттик жары. Манас Сайкал менен жекеме-жеке сайышка түшүп, жеңилип кала жаздайт. Саякбай: нойгуттун каны Карачанын кызы десе, Сагымбай: калмак Карачанын (Каткалаң) кызы дейт.
Экөө таанышканда Манас эки мүчөл (24 жаш) болсо, Сайкал 17-жашка толот.
Жаңылсам, апыртсам оңдоп тү
зөп койгула…

Алмас Турдумаматов, иликтөөчү

Автордун Facebook баракчасынан

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: