Menu

Орусияда Президентти шайлоо кампаниясы расмий түрдө башталды

Бөлүшүү:

18-декабрда Орусияда президентти шайлоо боюнча кампания расмий түрдө башталды. Бүгүн “Российская газета” Федерация Кеңешинин “Орусия Федерациясынын президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомун жарыялады.

Эми партиялар менен жеке адамдар съезд жана жыйындарда талапкерлигин расмий түрдө коюп, документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшыра алышат. Өзүн-өзү жылдырган талапкерлер 300 миң, партия атынан чыккандар 100 миң шайлоочунун колун топтошу керек. Парламенттик партиянын талапкерлери кол чогултуудан бошотулушту.

18-декабрдан тарта Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн федералдык бюджеттен каржат түшө баштайт. РИА Новости маалымдагандай, бул компания үчүн 15 миллиард рубль коротулары күтүлүүдө.

Борбордук шайлоо компаниясынын башчысы Элла Памфилованын айтымында, шайлоого катышуу ниетин 23 киши билдирди. Азыркы президент Владимир Путинден тышкары ЛДПР лидери Владимир Жириновский, “Яблоко” партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский, теле алып баруучулар Ксения Собчак менен Екатерина Гордон, бизнесмен Сергей Полонский, бизнес-омбудсмен Борис Титов жана оппозиционер Алексей Навальный шайлоого катышарын билдирген. Бирок бийлик “Кировлес” иши боюнча айыптоочу өкүмгө байланыштуу Навальный шайлоого бара албай турганын айтууда. Коммунисттер партиясы менен “Справедливая Россиядан” ким катышары белгисиз.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартка белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: