Menu

Ашхабадда кармалган жолбун ит-мышыктар ачкадан өлүшү мүмкүн

Бөлүшүү:

Ашхабадда бийлик тарабынан ачылган жайлардагы ондогон жандыктар өлүп калуу коркунучунда турушат. Бул тууралуу жергиликтүү жаныбарларды коргоочулар билдиришти.

Жарандык активист Наталия Шабунцтун айтымында, учурда коммуналдык кызматтын жумушчулары тарабынан кармалган ит-мышыктар Ашхабаддын четинде жайгашкан Чоганлы айылындагы ангарда кармалууда.

«Анда иттер менен мышыктарды анча чоң эмес тор менен бөлүп коюшкан. Тордон секирип өткөн мышыктарды иттер жеп коюушууда. Андан тышкары чоң иттер кичинекейлерине кол салат. Аларга адамдар акча чогултушуп, ыктыярчылар күн сайын тамак алып барып беришет. Азыр анда 100 чоң ит жана 80ге жакын күчүк бар. Ал жакка мышыктар менен иттерди күн сайын алып барышат», – деди Наталия Шабунц.

Быйыл жыл башынан бери Ашхабадда жаныбарларды кармоодо атайын кызгылт сары тустөгү транспорттор пайдаланыла баштаган.

Активисттердин айтымдарында, алгач кармалган жаныбарлар шаардагы зоопаркка жеткирилип турган. Андан соң бийлик аларды багуу үчүн атайын жер тилкесин бөлүп берген. Наталья Шабунцтун айтымында, жаныбарлар каралбай, көбү ачкадан өлүп калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: