Menu

“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун 11 мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана Ички иштер министлигинин кызматкерлеринин биргелешкен операциясынын алкагында “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун 11 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын башчысынын орун басары Карима Аманкулова “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, кармалгандардын бири аталган уюмдун аймактагы лидерлеринин бири болуп саналат.

Кармалган жарандар – Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облусунун тургундары. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында алардын үйлөрүн тинтүү жүргүзүлүп, “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмуна тиешелүү адабияттар, баракчалар жана дисктер табылган.

Бул факты боюнча кошумча ыкчам иликтөө жана тергөө иштери уланууда.

“Хизб ут-Тахрир” диний уюму Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп таанылган. Бул агымдын идеяларын жайылтууга тыюу салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: