Кечээ, 17-декабрда Бишкектин “Түштүк дарбазасы” тараптагы Абсамат Масалиев атындагы көчөдө Бишкек шаардык милициянын жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча инспекторун “Лексус-470” жол тандабас машинасы менен көмөлөтө койдуруп качып кеткен айдоочу Юракадемиянын 2-курсунун 19 жаштагы студенти И.А. болуп чыкты.
Студент И.А. азыр Бишкек шаардык СИЗОго 2 суткага камалды. Эртең анын баш коргоо чарасын сот чечет. Эки айга абакка алышы мүмкүн. Андан ары тергөөнүн бүтүшү менен 5 жылдан 10 жылга чейин камалып кетиш мүмкүнчүлүгү бар. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу” беренеси менен кылмыш иши ачылган.
Юракадемиянын студенти И.А. буга чейин да 11 жолу жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айыпка жыгылгандыгы аныкталды.
https://www.youtube.com/watch?time_continue=6&v=Bhu7wnzxjKU
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ