Бүгүн, 18-декабрда таңкы саат 05.30. чамасында Бишкектин Жусуп Абдрахманов менен Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофордун кызыл жарыгына токтогон Бишкек шаардык милициянын Nissan Sunny машинасын артынан катуу ылдамдыкта келген Daewoo Nubira үлгүсүндөгү унаа жабыштыра сүзгөн.
Натыйжада милициянын унаасында олтурган 3 кызматкер ооруканага жеткирилди.
Daewoo Nubira унаасынын рулунда 1994-жылы туулган С.А. аттуу жаран болгон жана аэропортко шашып баратканын билдирген. Текешере келгенде спирт ичимдиктерин да ичкен эмес экендиги аныкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ