Menu

Улуттук китепканада “Ыйман, адеп жана маданият – көөнөрбөс рух азыгы аттуу көргөзмө өткөрүлөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын 19-декабрында саат 11.00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын алкагында “Ыйман, адеп жана маданият – көөнөрбөс рух азыгы…” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.

Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбияланууга жана өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүгө тийиш. Былтыркы маданият жана тарых жылында бир топ жакшы иштер жасалып кетти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну аркылуу Кыргызстандын эл аралык аброю артты.

Азыркы шартта заманбап билим берүү, өз тарыхыбыз менен маданиятыбызга таянуу аркылуу таалим-тарбия системасын түзүү маанилүү милдет экендиги зарыл.

Көргөзмө 3 бөлүктөн турат:

  1. Ата-бабалар мурасы – улут байлыгы.
  2. …Асыл ойлор жаралат кылым санап

Эл ичине таралат бүтүп канат…

  1. Ички дүйнө таза болсо, ыйман-адеп уялайт.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, илимдин, маданияттын өкүлдөрү, акындар, жазуучулар, студенттер, окурмандар жана массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: