Бүгүн, 18-декабрда Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди УКМК суракка чакырганы белгилүү болду.
Дүйшөнбек Зилалиев 24-ноябрь күнү жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун инагурациясына чакырылбай калганынанбы айтор инагурациядан кийин Жээнбеков өтө турган өкмөттүк жолду кайтарып турган милиция кызматкерлерине өзүнүн 1532 ВК номурлуу “Лексус-570” жол тандабасы менен келип “жолго бомба коюлган” деп айтат да кетип калат. Милиция формасы менен жол кайтаргандардын бири ИИМ академиясынын курсант кызы болгон. Ал дароо начальниктерине билдирип, ыкчам иликтөөчү топ чакырылып, бомба издөө башталат, бирок бомба табылбайт. УКМК бомба тууралуу жалган билдирүү боюнча кылмыш ишин ачып, иликтей келгенде милицияга жалган маалымат билдирген жаран мамлекеттик чиновник Дүйшөнбек Зилалиев болуп чыгат.
Ал шоопуруна айдатып барган “Лексус-570” үлгүсүндөгү жол тандабас Кыргызстанда кен казган кытай компаниясына таандык болуп чыгат. Ал эми 1532 ВК номуру башка “Тойота-Камри” машинасына катталып, Зилалиевдин машинасына мыйзамсыз тагылган болот.
Дүйшөнбек Зилалиев алгач ал окуяны такыр танып мойнуна албай жатса эми “тамашалап эле койгом” деп жарым-жартылай мойнуна ала баштады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ